Бир бүркүм... ЫСЫК-КӨЛ ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КООЗ КӨЛДӨР ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ...

  • Туризм жаатында маалымат тараткан “Саякатчылар аймагы” (“The Travelers Zone”) интернет-сайты Ысык-Көлдү дүйнөдөгү эң кооз 25 көлдүн катарына кошту.
  • Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) офицерлеринин Кыргызстанга келгендигин тактоо боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия 9-июнда ЕККУнун 24 офицери түштүк аймакта жүргөндүгүн тастыктады. Алардын 12си мурда Косоводо иштегендер.
  • Өлкөбүздө 7 миңге жакын адамдын жарандыгы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев билдирди.
  • Быйыл Орусиянын жогорку окуу жайларында 600 кыргызстандык билим алат. 2011-жылга карата квота 200дөн 600 орунга көбөйгөн. Орусия дүйнө жүзү боюнча мамлекеттин эсебинен билим алууга 10 миң орун бөлсө, анын 600ү Кыргызстанга берилди.
  • Жогорку окуу жайлардын ректорлорун буга чейин президент дайындап келсе, эми ректорлор окутуучулар жамааты тарабынан шайланат”,- дейт Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Эдил Молдоев.
  • 2011-жылдын 1-июнуна карата республика боюнча 3563 киши ВИЧ-инфекциясы менен катталды. Алардын 373ү СПИД илдетин алып жүрөт.
  • Кыргызстандын акча базасы 2 миллиард 360 миллион 700 миң сомго көбөйдү. 30-майдан 3-июнга чейинки убакыт аралыгында элдин колундагы акча 1,5 миллиард сомго, ал эми коммерциялык банктардын резерви 818,2 миллион сомго жогорулап, республикабыздын жалпы акча базасы
    49 миллиард 665 миллион сомго жетти.
  • Баткендеги «Түштүккыргызцемент» заводу суткасына 2,5-3 миң тонна цемент чыгара баштады.
  • Бишкекте мусулмандар үчүн “Ыйман” маданий борбору ачылды. Борборду куруу демилгесин Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар ассамблеясы көтөрүп, арабиялык миллионер Усама Абу Абдуллах демөөрчүлүк кылган жана ал мусулмандар үчүн окуу гимназиясын куруп берүүнү да ниет кылууда.
  • Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы 4 айында өлкөбүдөн жакынкы чет өлкөлөргө 7 миллиард 833 миллион
    700 миң сомдук товар эскпорттолгон. Ал эми алыскы чет өлкөлөргө экспорттоонун көлөмү 19 миллиард 806 миллион 200 миң сомго жеткен.
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 миллиард 173 миллион метр кубду түздү.
  • Баткен облусундагы өрүк бактарды желелүү, жоон буттуу курттар жана кара чымындар каптап кирди.
  • Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Бишкек-Нарын-Торугарт жолун курууга 55 миллион доллар көлөмүндөгү насыя бөлөрүн аталган эл аралык каржы уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бышыктады. Ошондой эле аталган жолго Сауд Арабиясы дагы 15 миллион доллар насыя бөлө турган болду.
  • 2010-жылдын октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан 70 миң тонна төө буурчак экспорттогон. Анын 60 пайызы Түркияга, калган 40 пайызы КМШ мамлекеттерине экспорттолгон. Кыргызстанда төө буурчак боюнча бир жылдык товар жүгүртүү 50 миллион долларды түзөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан