Өткөн жылдагы апрель-июнь айларындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн парламенттик комиссиянын мүчөсү Жылдызкан Жолдошеваны таластыктар депутаттык мандатынан ажыратууну талап кылышууда. Алар: «Корутундуда Жолдошева бизди фашисттердей мыкаачы катары баалады. «Экс-министр Молдомуса Конгантиевди мыкаачылык менен ур-токмокко алышты. 1941-жылдагы согушта фашисттер генералга кол көтөрүшкөн эмес, таластыктар алардан да өтүштү» деп бизди фашисттерден да жаман кылып көрсөттү»,- деп нааразы.