«АТА МЕКЕН» БАБАНОВГО ИШЕНБЕЙТ

8-июнда “Ата Мекен” фракциясы биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн иликтеген депутаттык комиссиянын отчётун укту.
Комиссиянын жетекчиси, аталган фракциянын депутаты Өмүрбек Абдрахманов кээ бир компанияларда бир катар каржылык тартип бузуулар аныкталгандыгын жана буларга Бабановдун тиешеси бар экендигин белгиледи. Ошондой эле ушул күнгө чейин Казакстандын маалымат базасында коңшу өлкөнүн жараны катары катталуу бойдон жүргөндүгү аныкталган.
«Мунун бардыгы Бабановго жогорку мамлекеттик кызматты аркалоого жол бербейт» деп жыйындын соңунда фракциянын мүчөлөрү Бабановго ишенбестик вотумун (өкмөт мүчөлөрүнө ишенбестик чечими) билдирүүгө добуш беришти.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zamira
2011-06-17 03:28:26
Ээ бирин олуп,бирин калчы деги!
0
№ 449, 10-16-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан