ЖКнын 7-июндагы жыйынында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттүн ЖКдагы ыйгарымдуу өкүлү Данияр Нарымбаевден өткөн аптада парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков менен Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакчиевдин Москвадан келген жеке менчик учак менен эч кимге айтпай кайсы тарапка, эмнеге барып келгенин сурады. Бул суроого жооп узаткан Нарымбаев “алардын кайда барып келгенин билбейм, аны сизден угуп жатам” деп кутулду.
Жоопко канааттанбаган Текебаев тиешелүү органдардан мамлекеттик кызматкерлер ким канча акча коротуп жаткандыгы жөнүндө маалыматты текшере тургандыгын билдирди. Ошондой эле чиновниктердин арасында мамлекеттин эсебинен той өткөрүп жаткандар бар экенин кошумчалады.