Өткөн саныбыздагы түрк жигитинен кордук көрүп, акыйкаттык издеп жүргөн Чолпон аттуу кыз тууралуу макалабыз коомчулукту ойготсо керек. 7-июнда бул боюнча кылмыш иши каралып жатканда бир катар коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү Жогорку Соттун алдында Бишкек шаардык сотуна нааразычылык билдирип чыгышты.
Кыргыз кызы Чолпон Орузбаевага кордук көрсөткөн түрк жараны Гюнеш Йылмаздын кылмыш ишин караган Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимин жокко чыгарып, Биринчи Май райондук сотунун Түркия жаранынын соттук иши болгонго чейин аны камоо боюнча токтомун күчүндө калтырды. Ал эми айыпталуучу Гюнеш Йылмаз сот процессине келген жок. Анын кайда экени азырынча белгисиз.
Эске сала кетсек, 16-апрелде “Бета Сторес-3” соода борборунун технологу Гюнеш Йылмаз сатуучу Чолпон Орузбаеваны тепкилеп, зордуктоого аракет кылган. Натыйжада Чолпондун ичегиси айрылып, операция жасалган. Окуя болгон күнү Чолпон №7-шаардык милиция бөлүмүнө арызын жазган. Кол салган Гюнеш Йылмаз кармалып, Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы тарбынан анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бирок 10-майда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарып жиберген.