Белгилүү актёр Алек Болдуин 2013-жылы өтө турган Нью-Йорк шаарынын мэрлигине талапкерлигин коюшу мүмкүн. Бул маалыматты актёр өзүнүн твиттердеги (социалдык тармак) баракчасында “2013-жылдын ноябрына чейин көп убакыт бар, дагы ойлонуп көрөм” деген. Ал эми CNN каналына берген интервьюсунда “Мен “ооба” деп жооп берем ” деп ачыгын айткан.