АКШда 62 жаш курагында белгилүү америкалык продюсер Лора Зискин каза тапты. Продюсер көптөгөн кинодолбоорлордун үстүндө иштеген. Анын ичинде “Адам-жөргөмүш”, “Татына кыз”, “Качууга жол жок”, “Вулкан” сыяктуу тасмаларынын продюсери катары таанылып, 2011-жылы “Адам-жөргөмүштүн” жаңы версиясын тарта баштаган эле. Ал 1994-2000-жылдары «Fox» компаниясын жетектеген.