Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасы Испаниянын 5-кинофестивалында жеңишке жетишти. “Түштүк өлкөлөрүнүн фильмдери” номинациясында «Альгамбра» сыйлыгын жеңип алып, режиссёр сүйүнүп турган кези. Кино сынчы Гүлбара Төлөмүшованын айтуусунда, калыстар Актан Арым Кубаттын тасма аркылуу өлкөнүн көйгөйүн ачып бере алган жөндөмдүүлүгүн бийик баалаган.