АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

4 ЖАШТАГЫ УУЛУН АТЫП ӨЛТҮРДҮ
11-июнда Лейлек районундагы Катраң айылында үрөйдү учурган аянычтуу өлүм катталды. Аталган айылдын 32 жаштагы Б.М. аттуу тургуну ИЖ үлгүсүндөгү мылтык менен өзүнүн 4 жаштагы уулун башына атып өлтүрүп алган. Буга арак себепчи болгон. Эмне кылып койгонун түшүнгөн ата өзүн да атып салыптыр.

М.БАКИЕВДИН ФИНАНСИСТИ КАРМАЛДЫ
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Тилек Алибаевдин айтымында, атайын топ 2-июнда Орусияга жөнөп кеткен. Алар Москвадан эл аралык издөөдө жүргөн 8 кылмышкерди (алардын үчөөсү Июнь коогалаңындагы кылмыштарга шектүү) кармашкан. Алардын ичинде “Азия-УниверсалБанктын” мурунку бөлүм башчысы Сергей Костюк да бар. “Костюк Максим Бакиевдин финансисти болгондуктан, Бакиевдердин эсебиндеги акчалардын дайынын билиши мүмкүн. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси чечилип жатат”,- деп билдирди Т.Алибаев.

ӨЗҮНЧӨ ЭЛЕ КИНОДОГУДАЙ БАНДА
6-июнда УКМК кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Алар: Майрамбек Сыдыков (26 жашта, Токтогул районунда туулган), Дамирбек Осмонов (28 жашта, Кара-Көл шаарынын тургуну), Чыңгыз Иманалиев (27 жашта, Бишкек шаарынын тургуну). Маалыматка ылайык, аталган тоноочулар ишкерлерди коркутуп жана адамдарды уурдап акча өндүрүү менен алектенишкен.
М.Сыдыковдун жашаган жеринен ИЖ-79-9Т травматикалык тапанчасы, 16 грамм баңгизаты, 2 мергенчилик бычак, 5 уюлдук телефон, бет кап, кол салуулар үчүн атайын тигилген кара форма, рациялар, кичине видеокамерасы бар калем сап жана акча табылган. Кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна камакка алынып, аларга карата “каракчылык, адам уурдоо, опузалап акча, буюмду тартып алуу” беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.
Эгер бул сүрөттөгү адамдардан жапа чеккендер болсо, (0312) 66-14-55 телефонуна чалып кабарлап коюңуздар.

101 билдирет

“ЖИБЕК ЖОЛУ” КҮЙҮП КЕТТИ
10-июнда саат 23тө Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылындагы “Жибек Жолу” ишканасында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен агрегаттык, электрдик жана слесардык цехтердин чатырлары өрттөнгөн. Мындан сырткары бензин ташуучу КамАЗ автоунаасынын цистернасы, дөңгөлөктөрү жана жанаша турган Форд-Транзит, Фольксваген-Транспортер автоунаалары күйүп кеткен. Ал эми бети-колунан жана буттарынан күйүк алган 21 жаштагы М.Жумабаев Бишкектин күйүк борборуна жеткирилген. Өрт күйүүчү жана майлоочу майларды куюштурууда өрт коопсуздугун сактабагандыктан келип чыккан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан