Ырчы Гүлнара Калдарова кызы торолсо, күздөн тарта ырларды жаздырып, сахнага кайта турганын билдирди.
Алишер Тоотаев “Турмуш” аттуу ырына клип тартууда.
11-июнь күнү “Сейтек” борборунда “Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли отчёттук концертин тартуулады.
Тынай Алыбаев оркестрдин коштоосунда Түркия жана Москвада жеке концертин коюп келди.
Токтобүбү Черикчиевадипломун жактап бүттү. Эми Нарын жайлоосуна барып кымыз ичип келсем деп турат.
Куудул Жакут Сыдыков “Ак жолтоюм” аттуу ыр жаздырды. Жакында ага клип тартмакчы.
Актриса Гүлсина Чотонова“Бактылуу болгум келет” деген аталышта тасма тартууда. Мелодрама жанрындагы тасмага ырчылардан Азат Болотбек, Азиз Жетигенов да катышышат.
Нурлан Намазбеков жетектеген “Asia Nur” бий тобу Бишкек мэриясы тарабынан уюшулган “Вершина” сынагынан баш байгени утуп алды.
Мелис Абдрашитов борборубузда тигүү цехин ачып, модалуу көйнөктөрдү чыгара баштады. Каражат топтоп алса, анан клип тарттырууга киришерин билдирди.
Ырчы Гүлнара Кахарова күзүндө берчү жеке концертине даярданып жүргөн кези. Балдарын абдан сагынганын, анткени алар азыр кайненесинин колунда экенин айтты.
Сайра Момунбаева менен Эрнест Абдыжапаров “Ак кептер” ырына клип тарттырууну пландашууда.
Элмира Кайып кызы “Мендеги сагыныч” жана “Сен деп согот жүрөгүм” аттуу ырларды жаздырды. Буюрса, эки ырына тең клип тарттырат экен.
Айжан Газиева жетектеген “Диадема” тобу “Сестра” аттуу ырына клип тартышты. Клипти www.super.kgсайтынын Медиа-порталынан көрсөңүз болот.
Турдаалы Аскарбеков Нарында жашаган кайын журтуна барып эс алып келди. Эми “Махабатым” аттуу ырына Ысык-Көлдөн клип тарттырмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.