Сураштырсак, ырчы Акбар Сүйүнбев учурда үй менен дүкөндүн ортосунда тынбай каттап жүрүптүр. Көрсө, келинчеги Кундуз талгак болуп, күндө ар кайсыны самап жаткан экен.
Ошондой эле бала жытын күткөндөрдүн катарында ди-джей Назира Кадыева, ырчы Эрлан Андашев да бар. Ал гана эмес, “Миң кыял FM” радиосунун музыкалык продюсери Тынчтыкбек Кожобеков күз айларында бала жытын искейм деп кудуңдап жүргөн кези.