4-5-июнь күндөрү “Тамашоунун” таланттары Москванын “Мир” концерттик залында тамашаларын тартуулашты. Бишкектен автобус менен кеткен жыйырма жигит окшош форма кийип шаарды кыдырышкан.
“Концертке эл азыраак келди. Бул уюштуруучу жактын катасынан болуп калды. Бирок Орусияда биринчи концертибиз болгондуктан, кийинкиге сабак болду. Бизден жардамын аябаган Нургалы Асаналиев мырзага жана Орусиядагы Өмүрбек, Малик, Бакыт байкелерге ыраазычылык билдиребиз”,- дейт Эрмек Нурбаев.