Кыргыздын көрүнүктүү бойдок мырзаларынын бири, бильярд боюнча 4 жолку Дүйнө чемпиону, “красавчик” Каныбек Сагынбаев бойдокчулук менен кош айтышты. Эсиңизде болсо, ал “Айша аттуу кызга үйлөнөм” деп биринчи бизге (гезиттин февралдагы №431-санында) сүйүнчүлөгөн.
“Атактуу спортчунун жүрөгүн ким багынтты экен?” деп жаткан болсоңуз, ал модель же актриса эмес, журналистика факультетинде окуган 18 жаштагы Айша аттуу бийкеч. Спортчу билдиргендей, кыргыздын салтынын негизинде бардык ырым-жырымдар аткарылыптыр. Эми той гана калыптыр. Буюрса, тойго күзүндө күбө болобуз. Каныбек, Айша, куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула! Баса, тойго чакырганды унутпагыла.