Быйыл сөзсүз күйөөгө тийчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, ага Бегимай Эсенгулова, Чолпон жана Назира Айтбекова кирди. «Ой, Назиранын күйөөсү бар да?..» деп чочуп кеттиңизби? Шашылбаңыз, жогоруда аты аталган сулуулар Динара Эсенгулова менен Асыл Апасовага таандык «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием» тасмасында башкы ролдорду жаратышат. Динара Акулова, Бакыт Байсариев, Даниель жана белгилүү жылдыздардын катышуусунда тартылып жаткан фильмди жакында көрө алат экенбиз. Бойдок айымдардын жакшы тилектеги тасмасы майлуу-сүттүү болуп, артынан өздөрүнө да той алып келсе, ажеп эмес.