Жакында эле УЕФАнын ЧЛсынын финалында испаниялык «Барселона» менен англиялык «Манчестер Юнайтед» беттешип, Европадагы футболдук сезонду жаап беришкен. Аталган командалар ушул жылдын 30-июлунда кайрадан өз ара күч сынашып, күйөрмандарын кубантмакчы болушту. Достук беттеш европалык эки алптын АКШга жасай турган турнесинин алкагында Вашингтондо өткөрүлөт. Лондондо өткөн салгылашта «Барселона» 3:1 эсебинде жеңген. Вашингтондо ийгилик кайсы тарапта болор экен?