ЭКИ ЭЛДИН ТӨКМӨЛӨРҮН «КУДАГА» АЙЛАНТКАН АЙТЫШ

Казак, кыргыз элинин каны-жаны менен тең жаралган айтыш өнөрүнө он жылдан бери көбүрөөк көңүл бурулуп келет. Айтыш өнөрү 2003-жылы ЮНЕСКО тарабынан «адамзаттык шедевр» деп табылган. Бул өнөрдү улагандар августтун акыркы күндөрү Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын президентинин байгеси үчүн ат салышышты. Кыргыздардан тогуз, казактардан беш төкмө акын катышкан Эл аралык «Айтыш-2008» фестивалы абдан кызуу өттү. Калыстар тобу төкмө акындарга калыс бааларын берип отурушту. Биздин акындар Казакстанга барганда, ал эми казактар кыргыз жергесине келгенде баш байгеге жетүү кыйынга тургандыктан, эки элдин акындары үчүн тең кош байге коюлду. «Ким менен ким айтышат?» деген суроо чүчүкулак түрүндө чечилди.
Майранын Рүстөм менен айтышынан:
Казактар байыды азыр чалкалады,
Алатоого тирелди аркалары.
Тар жайлоо, Бетпак талаа жетпедиби?
Кыргызга кайтарып бер Каркыраны...
Баш байге ээлери
Баш байгени, тактап айтканда, 100 000 сом менен дипломго кыргыздардан Майра Керим кызы менен казактардан Рүстөм Кайыртай уулу ээ болду. Андан сырткары, буларга Эстебес Турсуналиев атындагы диплом жана «Айтыш» фондусу тарабынан 20 000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Кызыгы, казактардын нанын жеп, суусун ичип чоңойгон, бирок, кыргыздын келини Майра эжебиз кайсы бауру менен айтышпасын, кайын-журтун мактап казак акындарын таңкалтырды. Муну менен Майра эже эти казактыкы, сөөгү кыргыздыкы экенин көргөздү. Төркүнүн үстөккө-босток сынга алган айымды биринчи көрүшүн Рүстөм Кайыртай уулу ырга кошту. Башында домбра менен ырдаган Майра эженин финалда комуз алып ырдаганы баурларын ого бетер таңкалтырды окшойт.

1-орунга татыгандар
Ал эми 1-орунга куйкум сөздөрү менен буйткалуу жерден сөз тапкан Аалы Туткучев менен казак төкмөсү Каныша Раисовалар ээ болушту. Алар 50 000 сом жана диплом менен сыйланышты. Аалы залкар төкмө акындарыбыздын жолу менен келаткан күчтүү жаш төкмөчүлөрүбүздүн бири экенин айтыштын күйөрмандары жакшы билишет. Казак акыны Серик Аалыны эл алдында сындыргысы келип айбанатка окшоштуруп ырдаганда, ал өнөктөшүн айга, күнгө теңеп өзүнүн деңгээлин көрсөтө алды.
Кошумчалай кете турган нерсе, Аалы Туткучев биринчи күнү Каныша Раисова менен айтышкан эле. Каныша айым акырында «казакка күйөө бала болуп кал» деген ниети менен Аалынын колуна шакек салган болчу. Экинчи күнү Аалы казактын Серик Кайыртай уулу менен сахнага чыкканда Аалыны «казактын болочок күйөө баласы» деди. Ошондо Аалынын жооп кайтарганы:
– Назарбаевдин бир кызын,
Биздин экс-ажонун уулу алды эле,
Казак менен кыргыздар куда бо­луп калды эле.
Кайра кызын казактар алып кетти эмнеге?
Же ушундай биз билбес саясатыңар бар беле?
Кечээ да элдин алдында,
Аалынын багы жанды эле,
«Кыз берем» деп жеңекем, колума шакек салды эле,
Сахнадан чыгып жеңекем, шакекти кайра тартып алды эле...
2-орунга илингендер
Ошентип, 2-орунга кыргыз төкмө акындарынын ичинен Азамат Болгонбаев жана казак төкмө акыны Аслан Гафуровдор ээ болушту. Алар 30 000 сом жана диплом менен сыйланышты. Азамат төкмө шарт эле омуроолоп кирбей конокту сыйлайын дедиби, айтор, курч, таамай сөз айта албаса да, калыстардын баасы менен финалга чыкты. Бирок, Азамат төкмөнүн 2-күнкү айтышында кеп жок болду. Элдин дүркүрөгөн кол чабуусуна арзып, өнөктөшүн капталдан капшырып турду.
Азаматтын «Айтыш-2007» фестивалынын баш байгесине ээ болгонун жалпы кыргыз журтчулугу билсе керек. Анда да тайманбай болгонун болгондой ырдаганы үчүн калыстар тобу кеңешип баш байгени ыйгарышкан. Бул жолу да дээринде бар төкмөнүн темага жараша тамашалап, кыйытып ырдаганы сөз кылууга арзырлык болду. «Азаматтын биринчи күнкү атаандашы Күмүсай Сарсенбаева төкмөгө татыктуу атаандаш болбой калып айтыштын көркү чыкпай калдыбы...» деген ой көпчүлүккө келбей койгон жок. Анын үстүнө, Азамат бул жолку фестивалды уюштуруу иштери боюнча чуркаган адамдардын бири болгон эле. Бирок, Азаматтын 2-күнкү айтышы эл тарабынан жакшы кабыл алынды.Мисалы, казак төкмө акыны Каныша Раисова Азаматка:
«Кара көз кайним кандайсың?
Кыздардан кыздар тандайсың.
Кайгыга салып жеңеңди,
Картайган кезде көрүндүң»,- деп созгондо Азаматтын жооп бергени:
–Оргуштап Азаматтын кыялдары,
Олтурган кыргызына ыр арнады.
Карай бербей мени эле элди кара,
Кашыңда атаң турат Раймаалы.

20 000 сом байге алгандар
3-орун ээлери Жеңишбек Токтобеков менен казак төкмөсү Серик Калиев 20 000 сом жана диплом менен сыйланышты. Кыргыздан кыз сураган казак төкмөсү Рүстөм Кайыртай уулуна мурунку айтыштарда кыргыз акындары «куда болсо бололу, бир кыз аябайбыз» дешкен эле. Кыргыздын бир кызы үчүн Жеңишбек Рүстөмдөн жылкы баштаган бир тогуз сурап, отурган элди дуулдата бир кол чаптырды.
Элдин «Жеңишбек автоматтай төгөт» дегенине дагы бир ирет ынандык. Баш байгени жеңип алган казак төкмөсү Рүстөм менен айтышкан учурда ага жооп кайтарып турган жеринен:
Жер сурадың жер бердик,
Көл сурадың көл бердик,
Аны неге айтпай­сың?
Бойдок өлүп кетет деп,
Кыз сурадың кыз бердик,
Аны неге айтпайсың?
Мунайыңды сат­саң да,
Батышка башың катсаң да
Ааламды түгөл кыдырып,
Кыргыздай күйөөр таппайсың...

4-орун ээлери
Төртүнчү орунга ээ болгон кыргыз төкмө акындарынан Рахматулла Козукеев, Амантай Кутманалиев, Адилет Айтикеев, Максат Кулуев, казак төкмө акындарынан Күмүсай Сарсенбаева, Абдубали Акинбековдорго 10 000 сом жана дипломдор ыйгарылды.
Акырында айта кетчү нерсе, Нур уулу Дос­бол өзү айтып кеткендей, президенттин каржылоосу менен эмдиги жылы байге фонду миллион сомду түзө турган болду.

Даярдагандар: Сүйүн Кулматова,
Канат Токтомамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан