Өткөн аптада чоң боксто чоң окуя болуп өттү. Канастот шаарында (Нью-Йорк штаты) кезектеги 6 атактуунун ысымы улуу деп аталып, бокс боюнча Эл аралык атак-даңк сарайына киргизилди. Алар – Майк Тайсон, Хулио Сезар Чавес, Константин Цзю (баары мушкер), актёр Сильвестр Сталлоне, калыс Жо Кортес жана машыктыруучу Игнасио Беристайн. Айта кетсек, Сталлоне бир да жолу профессионалдык рингге чыкпаса да, тасмада айтылуу мушкер Рокки Бальбоанын образын мыкты жаратып, боксту жайылткандыгы үчүн ушундай сыйга арзыды. Темир Майк акыры атак-даңк сарайындагы улуулардын катарына кошулса, Костя Цзю бул жаатта биринчи орус мушкери болуп калды.