Кыргыз Эл артисти, Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Насыр Давлесовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-июнда Бишкетеги Опера жана балет театрында өтүп, маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Ал 12-июнь күнү 82 жаш курагында көз жумган.
Быйыл республикалык бюджеттен 18 миллиард 176,7 миллион сом(25,1 пайызы) мамлекеттик башкарууга жумшалат. Бул туурасында Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуров билдирди.
Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга 100 миллион юань(698 миллион 20 миң сом) өлчөмүндөгү кайтарымсыз грант бөлө тургандыгын Астанада Роза Отунбаева менен болгон жолугушууда КЭРдин жетекчиси Ху Цзинь Тао билдирди.
Кытай Эл Республикасынан өлкөбүзгө 267 трактор алынып келинет. Кыргызстанда бардыгы болуп 22 265 трактор бар.
Ош облусунун Араван районунда эгиндерди жыйноо иштери башталды.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата 3470 адамга мунапыс берилип, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулат. Учурда абакта 14 435 адам отурат.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов төрөлгөн 12-декабрь күнүн “Улуттук адабият күнү” деп белгилөө боюнча токтомго өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Сосновка-Кара-Көл автожолунда төлөм алынуучу бөлүктөгү жыйымдан казынагажылына 60 миллион сом түшөт.
Президент тарабынан талапкерлиги сунушталган Зина Асанкожоеваны ЖК колдоп, Улуттук банктын төрайымдыгына бекитти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен Ош Мамлекеттик университетинин ректору болуп Каныбек Исаков дайындалды.
Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Асанкан Жуманалиев 64 жашында көз жумду.
“Быйыл бардыгы болуп 128,4 миң гектар аянтка буудай эгилди. Өткөн жылга салыштырмалуу 8,6 миң гектарга көп. Күзүндө 800-850 миң тонна буудай алуу пландаштырылууда. 2010-жылга салыштырмалуу 37 миң тоннага көп”,- дейт Айыл чарба министри Төрөгул Беков.
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Орусиянын жараны экендиги аныкталды.
Депутат Камчыбек Ташиевдин демилгеси боюнча маркум Раатбек Санатбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген эң жогорку наамды ыйгаруу жана Ак шумкар өзгөчө белгисин берүү сунушун «Ар-намыс» фракциясынын депутаттары толук колдошту.
2013-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Кыргызстанда өтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
arlekino
2011-06-22 11:03:49
Раатбек байкени олумуно эле абдан кейийм да ич куйот тим эле.......
0
Аида
2011-06-26 17:25:44
урматтуу супер инфо кош жарандык б.а Орус жарандыгын алган кыргыздардын келечеги эми эмне болот ошол тууралуу жазып кое аласыздарбы?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.