13-июнда Бишкектин “Ош базарындагы” “Беш-Сары” соода түйүнүнүн ээси, экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мас абалында келип, жол жээгинде отуруп соода кылгандарды кууп, ур-тепкиге алгандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Жолдошбаев кош бойлуу келинди соода орунунун ижара акысын төлөбөгөндүгү үчүн ичке тээп жибергенде эл чогулуп, бирөө Жолдошбаевди дарбыз менен башка чапкан.
“Учурда бул ишке көзөмөл жүргүзүүнү прокуратура өз колуна алды” деп айтылууда. Бишкек шаардык БИИБинин маалыматы боюнча, “Камчыбек Жолдошбаевдин чоң муштумунан жабыркадым” деп 4 адам арыз жазган.
Бул маалымат коомчулукка тараган соң Камчыбек Жолдошбаевдин жакындары мындай окуя болбогондугун, ал маалымат Жолдошбаевге көө жабуу максатында жасалып жаткандыгын билдиришти. Алар юридикалык жана моралдык укугун коргоо максатында сотко кайрылуусу мүмкүндүгүн да айтышууда.