Акыркы күндөрү Баткен облусуна күйүүчү-майлоочу май ташыгандар өтө көбөйдү. Бирок баткендиктер «май жок, кымбат» деп келишет. Анда ташылып жаткан май кайда кетүүдө? Бул боюнча депутат Азамат Арапбаев: «Күйүүчү-майлоочу майды ташып жаткандар документте «Баткен аймагына ташылып баратат» деп көрсөтүлгөнү менен, чындыгында, анын баары коңшу Тажикстанга өтүп жатат»,- дейт. Депутат мындай контрабандалык жол менен ташыгандардын башында таасири күчтүү чиновниктер турушканын кабарлады. Контрабанданын күч алышын жаз айында Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды экспорттоого болгон бажы төлөмүн алып, аны Тажикстанга киргизгенине байланыштуу деп белгилейт. Алсак, бул өлкөдө 1 литр дизель майынын баасы 60 сомго чейин кымбаттаган.
Аталган маселе боюнча иликтөө жүргүзүүгө өкмөттүк комиссия түзүлдү. Кыргызстандан мунай продуктуларын сыртка ташып чыгарууга 6 ай мөөнөт менен убактылуу чектөө киргизилди.