Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 16-июнь күнү дүйнөдөн кайтты. Жазуучу өткөн аптада инсультка кабылып ооруканага жаткырылып, дарыгерлер анын ден соолугунун абалы оор экенин маалымдашкан эле.
Төлөгөн Касымбеков быйыл 80 жашка толгон. Ал кыргыз элинин тарыхын баяндаган «Сынган кылыч», «Кел-кел» романдарынын автору, мыкты жазуучу катары калың журтка белгилүү болчу.