Парламенттик жыйында депутаттар көпчүлүк добуш менен президенттик резиденцияны Ошко көчүрүүнү колдоп, өкмөткө сунуш берүү чечимин кабыл алышкан. Алар президенттин резиденциясынан тышкары ИИМдин Ички аскер кызматын, Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасын, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча улуттук агенттикти жана Коргоо министрлигин Ошко көчүрүү керек дешүүдө. Өмүрбек Текебаев парламентти Ошко көчүрүүнү сунуш кылып, бирок депутаттардын колдоосуна ээ болгон жок.
Бул сунушка Роза Отунбаева: “Президенттин ансыз деле Ошто резиденциясы бар. Бирок кайсы жерде жашап-иштөө керектигин президент өзү чечет. Парламент ага убара болбой эле койсун. Борбор шаарда да, Ошто да иштөө жөнүндө чечим мурда эле чыккан. Ага болбой эле “борбордон көчүрөбүз” деген саясат – Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүп-жаруучулук”,- деген жообун узатты.