«СУПЕР-ИНФО» «ШОУ-БИЗНЕС» 4 : 4 ЧЫНЫГЫ ДОСТУК БЕТТЕШИ

Спортту сүйүп, аны дайым колдоп келген гезитибиз көптөн бери футбол боюнча татыктуу атаандаш издеп жүргөн. Алгач достук оюнун өткөрүү сунушу менен Дүйнө чемпиону “Италия” курама командасына кайрылганбыз. Алар бизден чочулап, сунушубуздан баш тарткандан кийин, Европанын чемпиону “Манчестер Юнайтед” командасы менен байланыштык. Алар тыгыз графикке байланыштуу биз менен кышында ойноону сунушташты. Биз болсо ага чейин бош отурбай, кыргыз шоу-бизнес дүйнөсүндөгү атактуу ырчылар менен достук оюнун өткөрүүнү чечтик. Өз кезегинде алар да мындай сунушка кызыкдар болуп, макулдугун беришти. Ошентип, күйөрмандар бүйүр кызыткан чыныгы беттешке күбө болушту.
Бул беттешүүдө “Супер-Инфо” гезитинин кыз­мат­кер­лерине каршы алдын-ала сүйлөшүлгөн ырчылардан сырт­кары журналисттер, алпаруучу, театр актёрлору, бийчилер да аралашып чыгышты.
Буга чейин интервьюларда, пресс-конфе­рен­цияларда гана жолуккан кабарчылар менен жылдыздар эми кадимки казат майданында беттешишип, жылуу-жумшак дивандагы маектешүүлөр ысык футбол талаасындагы ти­решүүгө айланды. Кабарчыларыбыз жылдыздарды эми кызыктуу макаланын каарманы эмес, атаандаш катары кабыл алышты. Ал эми атактуулардын максаты күйөрмандарга ырдап-бийлеп берүү эмес, “Супер-Инфону” жеңүү болду.
Достук беттеш экенине карабастан, оюн талаасында чыныгы атаандаштык жүрүп жатты. Беттеш калысы, ФИФАнын реферисинин ассистенти Дамир Жаныбеков бир да эскертүү кагазын көрсөткөн жок.
Оюндун жүрүшү боюнча айтсак, алгачкы гол “Супер-Инфо” командасынын оюнчусу Базарбек тарабынан киргизилди. Көп өтпөй “Шоу-бизнестин” мыкты футболчусу Эрмек биздин дарбазага гол киргизе алды. 1-таймда 1:1 болуп токтогон оюн 2-таймда да оюнчулардын чарчаганына карабастан кызуу уланып, адегенде “Супер-Инфонун” пайдасына 4:3 болуп келип, матчтын аякташына 4 мүнөт калганда “Шоу-бизнестин” чабуулчусу Данияр акыркы голду киргизип, командасын жеңилүүдөн куткарып калды.
Оюндун аягында атаандаштар бири-бирине тартуулаган оюну менен куттуктап, кол алышып тарашты. “Шоу-бизнес” командасынын алдынкы оюнчусу 2 гол киргизген Эрмек менен мыкты дарбазачы боло ала тургандыгын далилдеген Семага оюнчуларыбыз да, күйөрмандар да баа беришти.
Башкы демөөрчүбүз, гезит ээси Кылычбек Султанов мыкты оюн үчүн командабыздын ар бир оюнчусуна 500 евро жана 4 гол үчүн 4000 евро сыйлык берди.
Бул оюн жакшы жөрөл­гөнүн башаты болду кө­рү­нөт. Буюрса, бул бет­те­шүү акыркы эмес. Аталган командалар оюн талаасынан дагы бет­теш­мекчи.

Даярдагандар Бактыгүл Абдыкадырова, Ташболот Досалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан