Ырчы Алтынбек Алымов Бек Борбиев менен биргеликте төрт жигиттен турган “Арман” аттуу топ түздү.
Эрлан Андашев “Жалгыздык” деген ырынын клибин бир аптадан кийин элге сунуштайт.
Ырчы Эмил Балтагулов күзүндө борборубузда отчёттук концерт берем деп даярданып жүргөн кези.
Жаныш Момунов “К-52” эстрада тобу менен биргеликте Алматы шаарындагы жаңы ачылган эс алуу комплекси менен эки айга келишим түздү. Эми бул топтун ырлары Казакстанда жаңырмакчы.
Түштүк жергесине концерт коюп келишкен ырчылар Мая менен Айнура Салахидинова эми түндүк аймакты түрө кыдырууга даярдык көрүп жатышат.
Ильяз Андаш Орусияда гастролдоп жүрөт. Ушул айдын аягында борборубузга кайтат.
“Сахнага өз атым менен чыгам” деген Айдин Шер учурда борборубуздагы кафелердин биринде музыкант болуп иштөөдө.
Ынак Осмоналиев “Жан досум” аттуу ыр жаздырууда.
Омар Италияда бир күн концерт коюп, бир апта эс алып келди. Эми “Любовь” деген ырына клип тарта баштады.
Курмангазы Азыкбаев Бишкектеги чет өлкөлүк жарандарга кыргыз аспаптарында ойноону үйрөтүүдө. Ошондой эле август айында Калифорния штатына аттанарын кабарлады.
Абидин Темиров жакында биринчи жолу оркестр менен сахнага чыгам деп турат. Андан сырткары улуу залкарлардын чыгармаларын аккордеон менен да ырдап чыксам дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
19zamir87
2011-07-01 01:43:24
Э.А. Жалгыздык деген ырынын клибин элге сунуштап,өзүнө жар издемекчи!Э.Б.күзүндө жаңы ажобузга отчет бермечи!Ж.М. К-52 нин санын көбөйтүп К-53 кылды!Түштүкттөн акча чогулталбаганына байланышттуу Мая м-н А.С. түндүкө концерт коюшмакчы!И.А гастрономдо иштеп жүрөт!А.Ш. га кафедеги официантка жагып калыптыр!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.