ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА ДА БӨЙРӨК АЛМАШТЫРУУГА БОЛОТ

«Азырынча элдин бизге ишеничи аз»
Кыргызстанда жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунун ачылганы туурасында көпчүлүк билбесе керек. Анткени, бул институттун ачылганына аз гана убакыт болду. Биз ушул институттун директору Калдарбек Абдраманов менен институт туурасында жана органдарды алмаштыруу жөнүндө маектештик.
– Калдарбек мырза, айтсаңыз, институттун ачылы­шы Кыргызстанда эми органдарды алмаштырууга болоорлугунан кабар береби?
– Бул институттун ачылышынын негизги максаты – муктаж болгон адам чет өлкөгө барбай өз мекенинде алмаштырууга мүмкүнчүлүк алуусу. Бизде бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгондордун саны аз болгону менен, алардын көбү алмаштырууга сарпталуучу каражаттын кымбаттыгынан каза болуп жатышат.
– Институттун ачылганына канча убакыт болду?
– Ачылуу жөнүндөгү мыйзам 2003-жылы кабыл алынганы менен, институт 2006-жылы ачылган. Жакындан бери толук кандуу иштей баштады. Институтта лаборатория бөлүмү да бар. Ал жерде бөйрөктү алмаштырууга чейинки текшерүү иштери жүргүзүлөт.
– Институт кайсы органдарды алмаштыруу боюнча иш алып барат?
– Учурда бөйрөктү алмаштырууга муктаж болгондордун саны көбүрөөк болгондуктан, донор салууну бөйрөктөн баштасак деп жатабыз. Кийин өпкөнү, жүрөктү, уйку безди, боорду алмаштыруу иштерин жүргүзөбүз деген пландарыбыз бар. Анан дарыгерлерибиздин санын көбөйтүп, аларды чет өлкөгө жиберип, тажрыйбаларын арттырабыз деген ойдомун.
– Бул жерде иштеген дарыгерлер органды алмаштыруу боюнча тажрыйба жагынан да, техникалык жагынан да толук кандуу даярбы?
– Лабораторияда үч дарыгер, мени менен төртөө жана үч лаборантыбыз бар. Бул жердеги төрт дарыгер тең психологиялык да, тажрыйбасы жагынан да даяр. Анткени, төртөөбүз тең билим жагынан Египет, Орусия, Түркия, Кытай мамлекеттеринде болуп, бөйрөк алмаштыруу иштерине катышып, өз көзүбүз менен көрмөк түгүл, операцияга кошо аралашып жүрөбүз. Бөйрөк алмаштыруу чет мамлекеттерде ишке ашканы менен, Кыргызстанда бир да жолу жасала элек. Ошондуктан, биз азыр бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон адамдын бөйрөгүн алмаштырсак, коомчулукка сенсация болушу мүмкүн. Кыргызстанда бирөөнө да бөйрөк салынбагандыктан элдин бизге ишеничи аз болуп жатат. “Быссымылда” деп ушул ишти баштап алсак, Кыргызстандын медицинасы алга бир кадам жылып, коомчулукка да көнүмүш иш болуп калат эле. Бизде азыр бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгондор келгени менен, бул жерден жасатууга макул болбой жатышат. Кеңеш алганы келишкенде баарын түшүндүрүп берсек макул болуп кетишет да, арадан бир-эки жума өтпөй айнып калышат. Алар биздин өлкөдө алмаштыруу боло электигин билип, башка тааныш дарыгерлеринен кеңеш сурашат окшобойбу. Ал дарыгерлер өз кесиби боюнча жакшы адистир, бирок, бөйрөк алмаштыруу боюнча тажрыйбасы, түшүнүгү жоктугунан туура эмес кеңеш берип коюшу ыктымал.
– Алмаштырганга чейинки процесс туурасында айтып кетсеңиз...
– Бөйрөктү алмаштырып коюу жеңил, ага чейинки жана кийинки иш абдан кыйын. Оорулууну текшерип, бардык анализдери алынган соң ага ылайык донор табуу зарыл. Оорулуу адам менен табылган донордо 12ден 20га чейинки белгилер (мисалы, жашы, жынысы, канынын группасы) бири-бирине дал келүүсү шарт. Мындай дал келүү оорулуунун ата-энесинде, биртуугандарында болушу толук ыктымал. Андыктан алар жакынына бир бөйрөгү менен кайрылышса өз эрки. Адам бир бөйрөгү менен жашаса деле болот эмеспи.
– Эки бөйрөгүнүн бирин берген адамдын денсоолугу мурунку эле калыбында калабы?
– Анча-мынча таасири тийиши мүмкүн. Бирок, бир бөйрөгү алынган адам оорулуу болуп калат дегенден алысмын.
– Өлүм алдында жаткан адамдын бөйрөгүн алууга болот да?
– Эгерде бир адам автокырсыкка туш болуп, өлүм алдында жатса, аны дарыгерлер алдын-ала текшериши керек. Бөйрөгү тазабы, ага жаракат кеткен жокпу деген суроолордун баарына жооп алынгандан кийин бизге билдирилиши керек. Анан ал адамдын тууган-уругу жактан уруксат алуу кажет. Алынган бөйрөк муктаж адамга туура келсе бир сааттын ичинде салынууга тийиш. Андан ашык убакыт туруп калса бөйрөк жарабай калат.
– Башканын бөйрөгү менен жашаган адам кийин денсоолугу жактан кыйналбайбы?
– Операция болгондон кийин ал адам өмүр бою дарынын күчү менен жашайт. Алмаштырганга чейин окшош донор тапканыбыз менен, бөйрөк салынганда биз билбеген бир нече майда карама-каршылыктар келип чыгат. Башкача айтканда, организм бөйрөктү өгөйлөйт. Ошону басуу үчүн атайын дарылар ичилет. Ал дары өтө кымбат турат. Айрым бөйрөгүн алмаштырганга эптеп акча тапкан чөнтөгү жукалар өмүр бою дарыланууга акчалары жетпей орто жолдо калышат. Тактап айтканда, донор бөйрөк иштен чыгып калат.
“Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болгондор 20-25 жаштагылар”
Эми органдарды алмаштыруу бөлүмүнүн башчысы Жамал Ашымовдун бөлмөсүнө баш бактык. Бул дарыгерден учурда канча адам бөйрөгүн алмаштырууга муктаж экенин жана башка бир нече суроолорго жооп алдык.
– Жамал, органдарды алмаштыруу маселеси эмнеден келип чыгат?
– Органдардын баары эле качандыр бир кезде оорунун негизинде функциясын аткара албай калышы мүмкүн. Кээде бир, кээде эки бөйрөк тең иштен чыгып калган учурлар кездешет. Качан бөйрөк иштен чыгып калганда диета, дары-дармек менен өмүр уласа болот. Бирок, бул иш бир нече айга гана созулат. Бөйрөктүн сезгениши, дарыдан, тамак-аштан, химикаттан ууланышы, шишик, аллергия өңдүү оорулардан улам бөйрөк өз функциясын жоготот.
– Бөйрөк функциясын аткара албай калганда алмаштыруудан башка жол жокпу?
– Бөйрөгү ооругандар алгач нефрологдорго көрүнүшөт. Ал жерден алмаштыруу зарыл экени билингенде гемодиализге жиберилет. Гемодиализ бул – адамдын бөйрөгүнүн функциясын убактылуу аткаруучу аппарат. Бул жерге оорулуу жумасына эки жолу барып 2-3 сааттан жатып кандарын тазалатышат. Буга жөн адамдын чөнтөгү чак келбейт. Биздин өкмөт 40 адамдын бир жылдык гемодиализин төлөп бере алат. Гемодиализге кирбей калган адамдар бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз болушат.
– Лаборатория ачылгандан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча канча адам кайрылды?
– Ачылгандан бери 17 адам катталып, текшерүүдөн өттү. Алардын ичинен бири Новосибирск шаарынан, экинчиси Үрүмчүдөн бөйрөктөрүн алмаштырып келди. Дагы эки адамды Казакстандын дарыгерлери менен сүйлөшүп, гемодиализге жибердик. Ал эми экөө каза болду. Калгандары кабарсыз кетишти, эмне болгондорун билбейбиз.
– Учурда бөйрөгүн алмаштырууга канча адам муктаж?
– Төрт адам текшерүүдөн өтүп, алмаштырууга даярдык көрүп жатышат. Алардын бири ушул жерден жасатууга макул болду. Учурда анын туугандары донор издешүүдө.
– Бөйрөгүн алмаштырууга көбүнчө кайсы жаштагылар кабылып жатышат?
– Учурда бөйрөк алмаштырууга муктаж болгондордун көбүнүн жашы 20-25те.
“Айына 500 долларга дары алып ичем”
Жамал Ашымовдун жардамы менен бөйрөгүн Кытайдын Үрүмчү шаарынан алмаштырып келген Зарлык Тилкебаев менен кездешип, маектештик.
– Бөйрөгүмө 3-4 жашымда суук тийгизип алыптырмын. Бирок, анда эч нерсе билинген эмес экен. Эки жашымда бронхит болуп ооруп ооруканага жатканымда бөйрөк туурасында эч кандай шек билинбептир. Кийин чоңойгондо белим ооруп жүрүп, дарыгерлердин жиберүүсү менен нефрология бөлүмүнө келип көрүндүм. Ал жердеги дарыгерлердин айтуусу боюнча 5-6 жыл майлуу тамак, эт жебей, спирт ичимдиктерин ичпей диетада жүрдүм. 2005-жылы мени гемодиализге жиберишти. Ал жакта бош орун жок болгондуктан Алматага барып беш ай гемодиализде дарыландым. Гемодиализге күн алыс барып дарыланам да, 150 доллар төлөйм. Акыры акчам чак келбей калды, анын үстүнө, өзүмдү-өзүм убактылуу алдап жатканымды түшүндүм. Таанышымдан Үрүмчүдө бөйрөк алмаштырылаарын билип ал жакка бардым. Дарыгерлер менден анализ алышып, дарылашып, операцияга даярдай башташты. Эки жумадан кийин эле донор бар экенин айтышты. Бирок, ошол учурда менин акчам донордун баасына, 20 000 долларга жетпей калды. 2005-жылдын декабрында барган элем, акчамдын жетпей калгандыгынан улам кайра донор күтүп бир ай жатып калдым. Мага кылмыш кылып атууга кеткен бир кытайдын бөйрөгү салынды. Ал жактагы дарыгерлер аны менен “сен жөн эле көз жумбай бир адамдын өмүрүн сактап кал. Акчаны үйбүлөңө беребиз” деп сүйлөшүшүптүр.
– Операциядан кийин дароо эле өзүңө келдиңби?
– Башка бөйрөк салынгандан кийин дагы 4-5 ай Үрүмчүдө ижарага үй алып жашап, дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаттым. Организм бөлөк бөйрөктү жерип түртүп салбаш үчүн кымбат дарыларды беришет экен. Бул жакка келгени органдарды алмаштыруу институтунда каттоодомун. Эки жумада бир анализ тапшырып турам.
– Организм менен бөйрөктүн күрө­шү­нүн токтоор чеги бар бекен?
– Бөлөк бөйрөк баарыбир менин организмим менен шайкештикте жашап кете албайт. Ошол үчүн мен эми өмүр бою дары менен жашайм. Айына 500 долларга дары алып ичип жатам. Ичкен дарыларымдын бирин төрт айга чейин мамлекет алып берди. Ата-энем, бир туугандарым мен деп жүрүп оокатсыз калмай болушту. Менде машина, үй, баары эле бар болчу, сатып отуруп эч нерсем жок калдым. Эл ичинде менин тагдырыма кайдыгер карабаган адамдар болсо жардам беришсе жакшы болот эле.
Ичип жаткан дарыларымды тааныштардын жардамы менен Казакстандан, Орусиядан, Кытайдан алдырам.
– Баса, Казакстан, Үрүмчүдө бөйрөк алмаштырууга муктаж болгондорго мамлекет жардам көрсөтөт бекен?
– Мисалы, Казакстанда оорулуу бөйрөгүн алмаштыргандан кийин дарылардын баарын мамлекет алып берет экен. Бизде деле мамлекет тараптан кичине жардам болсо жашоого болгон үмүт жанат эле го. Менин кийинки айда ичүүчү дарыма акча жок. Кара күчтү талап кылбаган жумушта иштеш керек болуп жатат. Антпесем үйдөгүлөр аябай кыйналып кетишти. Биздин мамлекет жок дегенде жумуш таап берүү жагынан жардам берсе, ошого ыраазы элем.
– Зарыл, сага чың денсоолук каалай­быз. Жакын арада жумуш таап иштеп ке­тээриңе ишенебиз.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан