ПИРАТТЫК ДИСКТЕР КАНЧА ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?

«Пираттар» кантип иштешет?
Алгач “Дордой” базарын кыдырып, диск сатуучуларды кепке тартмак болдук. Сурамжылообузга көпчүлүгү макул болушкан жок. Акыры алардын бири “крутой Кани” деген бала бар, ошого кайрылып көргүлөчү” деп сунуш киргизип калды. “Крутой Канини” да көпкө издөөгө туура келди. Бир топ убара болуп, аны тапкан соң ишибиз оңунан чыгып, ал биздин суроолорубузга жооп берүүгө макул болду.
– Канча жылдан бери диск сатуу менен алектенесиң?
– Сегиз жыл болуп калды.
– Айтсаң, Канат, сенин кон­тей­нериңде лицензияланган дисктер барбы?
– Ачыгын айтсам, жок. Менден гана эмес, базарлардын баарынан эле андай дисктерди таба албайсыңар. Базарларда, көчөлөрдө жалаң эле көчүрүлгөн, башкача айтканда, пираттык дисктер сатылат да.
– Кесиптештериңдин айтуусуна караганда, сени “крутой Кани” деп коюшат экен. Мунун себеби...
– Мен бул бизнести баштай электе айылдан качып келгем. Мага шаардын жашоосу жакчу. Жумуш таппай бир топ темселедим. “Ош базарынан” майда-чүйдө бир күндүк жумуштарды жасап, эптеп жатаканама жана нанга араң жеткизип жүргөн күндөрүм болду. Бир курбумдан диск бизнеси тууралуу маалымат угуп калдым. Бир ай тынбай иштеп, бир аз акча чогултуп алгачкы дискти ЦУМга барып сатып алдым. Диск саткан балдардан диск көбөйтүүчү бир адрести алдым. Барсам жөн эле бир үй экен. Бөлмөдө  компьютер турат. Дискти алып калышып, кечинде даяр болоорун айтышты. Биринчи жолу келгендиктен, мага арзан эле жасамак болушту. Алгач көбөйтүлгөн дисктеримдин үстүнө өзүмдүн баамды кошуп, базарда колго көтөрүп тез эле сатып жибердим. Анан кайра тапкан акчама дагы диск сатып алып бизнесимдин тушоосун кестим. Улам кеңейтип жатып, азыр өзүмдүн интернетке кошулган компьютерлерим бар. Үйдү болсо ижарага алып койгом. Эки дос балам ал жерде дискти көбөйтүшөт. Мен сатуу менен алек болом. Ошол бир дисктен башталган бизнесимдин артынан жер тилкесин алып, үй куруп жатам.
– Сенин атаандаштарың барбы?
– Сатуу жаатында атаандаштык сөзсүз бар. Бизде чоң кампалар бар. Андагылар каталог түзүп иштешет. Кээде мен таба албай калган тасмаларды ал жерден заказ менен алам. Сен тасманын номерин көрсөтүп, “мынча даана” деп койсоң болду. Сен айткан убакка даяр кылып коюшат. Алардын меникине караганда, базасы кенен. Кыргызстандын туш тарабына мына ушул чоң кампалар аркылуу дисктер таркатылат. Менин товарым алардыкынын бир эле бөлүгү.
– Өзүң айтып кеткендей, интернетке кошулган компью­терлериңдин жардамы менен бизнес кылып жатыптырсың. Деги эле пираттык дисктин пайда болушун башынан айтып берсең...
– Алгач жаңы чыккан кинолорду изилдеп, интернет аркылуу же лицензияланган дисктерди сатып алабыз. Андан соң компьютер менен эле көбөйтүп алабыз. Мисалы, бир сааттын ичинде 4 диск көчүрүүгө болот. Кадимки эле дискти 3 сомдон дүңү менен алабыз. Ал эми сырткы кагазын түстүү сканерден эле өткөзүп алабыз. Азыр базарда баары сатылат эмеспи.
– Муну менен силер элди алдап жаткан жоксу­ңарбы?
– Эл пираттык диск экенин билип туруп эле алышат. Анткени, арзан да.
– Бир күндө орто эсеп менен канча диск сатасың?
– Бир күн менен бир күн окшошпойт да. Жакшы болгондо элүү-алтымыш диск өтүп кетет.
– Негизи, силердин бизнеске “Кыргызпатент” тарабынан тыюу салынат эмеспи...
– “Чыгаша болбосо, киреше болбойт” деп коёт го. Анын сыңарындай, дисктерибиз­ди “шыпыртып” жиберген күндө­рүбүз деле болгон. Бирок, азыр ар бирибизде эле “крыша” бар. Азыр бизнес кылуу үчүн бирөө болбосо болбойт.
– “Крышаларды” кайдан издейси­ңер?
– Бизнесиң кичине бутуна туруп келе жатканда өзү эле табылат. Теңме-тең болбосо да, бир нече пайызын бересиң. Бирок, текшерүү келип “шыпырып” кеткен учурда да кайгырбай уктай берсең болот. Анткени, кайра кайтып келчү нерсе да.
Кани ары жакта өтүп бараткан кишилерди: “Сиздер көрө элек кинолор менде бар”, - деп шыпылдап аларды бат эле өзү­нө тартып алганына биз да тан бердик.
Биздин дисктер кымбат, бирок сапаты жакшы
Эми ЦУМга кирип, лицензиясы бар дисктерди саткандарды да бир ооз сурамжылоону чечтик. Өзүн Оля деп тааныштырган кызды кепке тарттык.
– Пираттык дисктер менен лицензияланган дисктерди кантип айырмаласа болот?
– Албетте, биринчиден, баасынан. Мисалы, пираттык жолдор менен көчүрүлгөн дисктердин эң кымбаты 50 сомдон ашпайт. Ал эми лицензияланган дисктер 250 сомдон жогору турат. Экинчиден, чыныгы дисктердин өңү ак болот да, дисктин бетинде лицензия номери жана башка жазуулар болот. Ал эми пираттык дисктер көк балбанкага көчүрүлөт. 
– Кыргызстанга лицензияланган дисктер кайсы жактан алынып келинет?
– Негизинен, Орусиядан алынып келинет.
– Силерде күнүнө канча диск өтөт?
– Биздин дисктерди сатып алуучулар аз. Анткени, бизде кымбат, бирок сапаты жакшы.
– Кымбат алган дисктерди сактоо ыкмаларынан бөлүшө кетпейсиңби?
– Сактоо ыкмасы эң жөнөкөй. Дисктин бетинен кармабай  эки кырынан кармаса эле эч нерсе болбойт. Эгерде кокусунан  кармап алсаң же чаң болсо, крандан жыбылжый аккан муздак сууга бир айландыра кармап, анан губка же кебез менен сүртүп койсо болот. Ошондой эле, азыр көптөгөн тазалоочу суюктуктар бар. Ал эми пираттык дисктерди кымбат баадагы суюктук менен тазаласаң деле баарыбир көпкө колдоно албайсың.
Пираттык дисктерге каршы «Кыргызпатент» кандай чараларды көрөт?
Пираттык дисктер менен алек болгондорго кандай жазалар көрсөтүлөөрүн билүү үчүн “Кыргызпатентке” телефон чалдык. Улам бир номерди алып жатып, акыры «аты-жөнүн жазбай эле кой» деп суранган бир кызматкерине төмөндөгүдөй суроолорду бердик.
– Агай, пираттык дисктер менен алек болгондорго кандай жазалар каралган?
– Рейддерди жүргүзүүнүн негизинде изилденип кармалган товарлар үчүн ээсине 1000 сомдон айып салынат.
– Угушубузга караганда, рейддердин жыйынтыгында жыйналып алынган дисктер кайра эле кайтарылып берилет деп жатышат...
– Бул маалыматтын чындыгы деле бар. Бирок, биз рейд жүргүзүүдө кармаганга гана ка­ты­шабыз. Ал эми товардын калган тагдыры бизге тиешелүү эмес.
– Деги эле пираттык дисктерди сатууга тыюу салса болобу?
– Пираттык дисктер менен күрөшүү баңгизат жана курал-жарак сатуу менен күрөшүүгө барабар болуп калды. Жеке гана биздин мамлекетте эмес, бул маселе менен дүйнө жү­зүн­дө күрөшүп келишет. Азыр бул бизнес аябай өнүгүп баратат, демек, күрөшүү да кыйын. Күрөшүүнүн эң жеңил жолу элдин колунда. Алар пираттык дисктерди албай коюшса эле акырындап өзүнөн-өзү жоюлат.
пираттык дисктерден жабыр тарткан киночулар
«Пираттардан» биринчи орунда жабыр тарткандар киночулар эмеспи. Алардын да оюн билүү үчүн «Кайып Булак» кинотасмасынын режиссёру Рысбек Жабировго кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.
– «Пираттар» жаңы тасманын көчүрмөсүн баарыбир чыгараарын алдын-ала сезип,түп нускасын сурап келген Эрмек деген балага 2 миң долларга сатып жибергем. «Кайып Булак» тасмасы Кыргызстан боюнча 150 миң нускада  сатылганын ошол Эрмек деген баладан кийин билдим. Эгер пираттар менен иштешип, жок дегенде ар бир сатылган дисктен 5 сомдон алсам бир топ байымак экенмин.
Эгер пираттар бир тасмадан жогорудагыдай пайда табышса, анда  алар байыбаганда ким байыйт?!  Эмгек болсо киночуларга таандык. Андыктан, пираттарга мыйзам жүзүндө катуураак чара көрүлсө.
Сөз аягында
Ары-бери өткөндөргө да “сиз пираттык дисктерди сатып ала­сыз­бы?” деген суроо менен кай­рылып көрдүк. Көпчүлүгү пират­тык дисктерди сатып ала тургандыктарын айтышты. Ушундан улам чынында эле бир күндө бир эле сатуучудан орто эсеп менен элүүдөн диск өтөөрүнө ынандык. Ушундай окурман.Арзанына качырып пираттык дисктерди сатып аласызбы же кымбат болгону менен көпкө кызмат кылуучу түп нускадагы дискти сатып аласызбы эрк өзүңүздө. Неси болсо артында өкүнбөсөңүз болду.

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан