Бир бүркүм... КИНОЧУЛАРДЫ САДЫК ШЕР-НИЯЗ БАШКАРАТ...

  • 2010-жылдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 846 200 адам жакырчылыкта жашайт. Анын дээрлик 74,4 пайызы айыл тургундары.
  • 2011-жылдын алгачкы 3 айында өлкөбүзгө 1 миллиард 56 миллион доллар көлөмүндө инвестиция тартылды.
  • Ысык-Көл облусуна кире бериштеги экологиялык посттогу жыйымдар кышкы мезгилде ай сайын 120 миң сомго жетсе, жай мезгилинде ай сайын 5 миллион сомго чейин жетет.
  • Кыргызстан Кинематографисттери бирикмесинин жетекчиси болуп экс-маданият министри Садык Шер-Нияз дайындалды.
  • Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов: “ Жалал-Абаддын Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунда изилденген 500 тонна алтындын запасы бар”,- дейт.
  • Кыргызстан аркылуу Ооганстандан жылына 20 тоннадай баңгизат мыйзамсыз ташыларын жана андан миллиарддаган доллар киреше түшүп тургандыктан, аны ооздуктоо кыйын экендигин Наркосаясат боюнча Борбор Азиялык борбордун жетекчиси Александр Зеличенко билдирди.
  • Январдан апрель айына чейин Кыргызстандан 15 492 адам чет өлкөгө чыгып кеткен.
  • Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 38 700 бүтүрүүчү катышты. Ал эми тапшырууга жетишпей калган бүтүрүүчүлөр акыркы тестти 27-30-июнда тапшырууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
  • Улутташтырылган 47 объектинин 30у сатууга коюлуп, 17си мамлекеттин карамагына калтырылат. Бул боюнча программа иштелип жаткандыгын Мамлекеттик мүлк министри Дайыр Кенекеев билдирди.
  • Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 106 миллион доллар көлөмүндө насыя берет. Бул туурасында аталган кордун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылган.
  • 2011-жылдын башталышынан бери Жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын 157 кызматкери кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып, 18и иштен бошотулган.
  • Ош облусунун Кара-Суу районуна 2 парник куруу үчүн Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусу тарабынан 1 миллион 200 миң сом бөлүнөт.
  • 2010-жылдын Июнь окуясында жабыркагандарга гуманитардык жардам катары Орусиядан Жалал-Абад шаарына 80 метр куб тилинген тактай келди.
  • Баткен облусунда жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга 50 миң сомдон компенсация жана жаңы турак жай куруу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө узак мөөнөткө ссуда берилет.
  • Сүлүктү шаарында 128 үйдү суу каптап, 49 чарба курулушу кыйраган. Ошондой эле сел 6 жеңил автоунаа, 1 жүк ташуучу машинаны, 129дан ашык ири мал жана майда жандыктарды агызып кеткен.
  • Япония өкмөтү өлкөбүздөгү дзюдо спортун өнүктүрүүгө 850 миң доллар гранттык жардам көрсөтөт. Бул каражатка Токмок жана Бишкек шаарларындагы спорттук залдарга 1000 даана татами (дзюдо күрөшү өтчү килем) алынмакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
SER
2011-06-28 18:12:57
Садык Шер? Бул ким? Б. Шерниязовдун
тууганы го кыязы. Мына ошентип сай-я-сат дагын киного жетти көрүнөт. Баарысы ас келгенсип эми кино калды. РЕволюцияны жеңдик деп эле акелерибиз баарысын аймай береби? Башкалар эмне окат кылат. О Садык ака, композиторлор союзуна бир келип кетпейсизби, мумкун торага шайланып каласыз. жетпесе дагын Ошко келиңиз, мер кылып коелу, дагын жетпесе губернатор кылалы, ал жетпесе революция кылабыз, сиз дагы акаевдин артынан тушесиз.
0
19zamir87
2011-06-30 23:28:29
Бизге башка мамлекеттерден жардам көрсөтүлүп жаткан турбайбы?Анда биздин чоңдорубузда күндө майрам,күндө той болуп жатса керек.(татамиде секиришип)
0
syrgak31
2011-07-01 02:04:37
Sadyk Sherniyazdyn sayasatka tiyewesi jok ele adam. Al "Aityw"koomunun jetektoo4usu.
0
syrgak31
2011-07-01 02:23:40
Sadyk Sherniyaz - kinorejisser.
0
SER
2011-07-01 14:25:43
Шернияз режиссер деген лохатрон! Постанова. Кантип эле режисср боло калсын, же ошол жакта акча көп бекен. Возможно, акча болгон жерде Шерниязов да журот да. Такташ керек болуп жата,
Б. Шернизаовго тиешеси барбы Садыктын???
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан