Үстүбүздөгү жылдын 18-19-июнь күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында маалымат туру болуп өттү. Анда облустун губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева эс алуу жайлары талапка жооп берерин жана быйылкы сезондо көл аймагы 2 миллион турист кабыл алууга даяр экендигин билдирди. Журналисттердин тобу айрым эс алуучу жайлардын даярдыгына байкоо салып кайтышты.