ЧЕТ ЖЕРДЕ ДА ЖӨН ЖҮРБӨЙ...

2011-жылдын январынан тартып июнь айына чейин чет өлкөлөрдө ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргызстандын 800гө жакын жараны кармалып жана жаза мөөнөтүн өтөөдө.
Эң көп сандагы тартип бузуулар Орусияда катталган. Анда кыргыз жарандары тарабынан 376 кылмыш жасалса, Казакстанда – 212, Өзбекстанда – 69, Тажикстанда – 20, КЭРде – 20, Беларуста – 12, Түркияда – 9, Украинада – 8, Германияда – 7, АКШда – 6, БАЭде – 6, Корея Республикасында – 3, Индияда – 3, Италияда, Чехияда, Индонезияда, Иранда, Ооганстанда бирден кылмыш иштери жасалган.
Жарандарыбыз чет жерде баңгизатын ташуу, денеге оор жаракат келтирүү, талап-тоноочулук жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн кылмыштары үчүн сот жообуна тартылышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Kagan
2011-06-27 16:27:40
Кыргыздар алга
0
spinkub
2011-06-27 21:12:42
"Чет жерде да жон журбой" деп мыскылдагандарын карагыла! Кылмыш ар кандай шартка байланыштуу болот чет жерде кармалган кыргыздарга мамлекет тарабынан эч кандай жардам корсотуогон эмес.Адвокат жок же эч кандай жрдамы жок жараандарыбыз кылбаган кылмышына да камалып кетишет.Андан коро чет жердеги жараандарыбызга кандай жардамдар корсотулуп жатат ошол жонундо жазгылачы? Ойлонуп калдынарбы???
0
zulya
2011-09-13 03:49:29
spinkub, эн туура айттын
0
SER
2011-06-28 18:18:07
spinkub менен мен да макулмун, себеби биз кыргыздар чукуп какшыктап жазганды, айтканды дегеле жакшы көрөбүз, ошол бечаралар чынында эле кылмыш кылдыбы, булардын төгүн билген киши барбы? Жанагы омбудсмен акебиз тыраңдап эле жатат, ошол жака барбайбы, ОО бийлик төбөлдөрүү, Омбудственди көчүкө тееп болсо да жөнөтпөйсүңөрбү ошл жактарга, өз милдетин аткарабы же жокпу, б
0
Sama81
2011-06-29 16:43:32
Атын чыкпаса жер орто дейт кыргызда. Ошондуктан Кыргыздар алга бирок жакшы иш, аяр мамиле менен.
0
19zamir87
2011-06-30 23:04:32
Беш манжа тең эмес!кылмыш кылышып жазасын алып жатышат.Кокусунан күнөөгө кабылгандарга Кыргызстан жактан жардам берилбей бейкүнөө камалгандар да жок эмес.Кыргыз кылмышкерлери баардык өлкөлөрдө бар экен,жакшы Марстта жок экен кудаага шүгүр.
0
dosboss
2011-07-01 01:26:09
Чынында эле кыргыздар чет олколордо жон журушкон жок, жашообуз онолсо экен, кандай болсо да иштеп, Кыргызстанга келип татыктуу жашоо откорсом деп журушот. Кыргыздардын жарымы Кыргызстандан чыгып кеткенине суйунгондор четтен табылат, жана бул нерсе адаттагы корунуш. Ошондуктан миграция маселеси боюнча суроого кайрылганда аткаминерлерибиз кейимиш, жардам этимиш болуп коюшат. Азыр ар ким оз комочуно кул тартуу менен убара.
Жогорудагылар туура баамдашыптыр. Кошумчам: качан олконун кызыкчылыгы
0
dosboss
2011-07-01 01:33:03
оздук кызыкчылыктан жогору турганда элибиз татыктуу жашай алат. Кой терисин жамынган карышкырлар жок болгондо гана кыргыздар оз бактысын озго мамлекеттин чегарасынан издебейт.
0
dosboss
2011-07-01 01:48:53
Мен да ошо Орусияда ойноп, жон жургон жокмун. Айтат го: "Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет" деп. Мен да Орусияга аргасыздан келдим, уй салыш керек, бала багыш керек. Жомокту коюп жолго чыгайын: ооба, чачылдык. Бирок жыйнала турган кезибиз алыс эмес. Ошондуктан, АЛГА КЫРГЫЗ, ЧАМДА КЫРГЫЗ, ТАЛБА КЫРГЫЗ!!!
0
simbo
2011-07-01 10:53:32
Эптеп жан багалы деп журушсө бейкүнөө жерден отургузуп койгондору канча?
0
koenek
2011-07-01 21:17:19
ассаламу аълайкум кыргыздар,ошол кармалгандарга мамлекеттен жардам жок биздин чондор жегенден башка эч нерсе колунан келбейт кыр-гы кыргыздар биздеги башка улуттарга кун корсотпошунор керек ошондо кыргыз кандай экенин билишет биздин чондор окушсун
0
zulya
2011-09-13 03:51:00
koenek, мен да сага кошулам
0
tehnik
2011-07-02 21:45:35
салам!биздин атуулдарыбыз тyрмодо отургандыгы окунучтуу.может быть куноосуздур?бизде деле куч органдары жасалма кылып,куноосуз адамдарды жазалап атышат,ал жакта деле ошондой кылышса керек.ошондуктан грузиядагыдай реформа кылыш керек.салам!биздин атуулдарыбыз тyрмодо отургандыгы окунучтуу.может быть куноосуздур?бизде деле куч органдары жасалма кылып,куноосуз адамдарды жазалап атышат,ал жакта деле ошондой кылышса керек.ошондуктан грузиядагыдай реформа кылыш керек.
0
operaledi
2011-07-03 15:34:06
Биз, кыргыздар эпте п жан багалы деп журсок,гастарбайтерлерди абдан жакшы коргон Россиянын полиционерлери каяктагы бир "Глухарды" жабыш учун приезжийлерге уйуп коюш оной эмеспи
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан