Депутат Камчыбек Ташиевди козголгон кылмыш иши боюнча жоопко тартуу үчүн Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке анын кол тийбестик макамын алып салуу сунушу менен кайрылган эле. Муну уккан Камчыке «менин күнөөм жок. Бул – саясий буйрутма» деп билдирген. Ушундай эле ойду айрым депутаттар карманып, «Ташиевди коргоп калабыз» дегенин угуп шердене түштүбү, айтор, 17-июндагы ЖКнын жыйынында кол тийбестик макамынан баш тартарын айтты. Анын мындай кадамын депутат Өмүрбек Текебаев чыныгы жигиттик деп баалады. Ташиевге «партиялашы Бахадыр Сулеймановду сабады» деген арыздын негизинде мурда коюлган 234-берене (бейбаштык) эми бир топ оор жоопкерчиликке – 104-беренеге (денеге атайылап оор жаракат келтирүү) өткөрүлдү. Президенттикке ат салышууга белсенип тургандар Ташиевден катуу чочулашат сыягы.