ЫРЧЫЛАР ТОЙДО КАНЧА ГОНОРАРГА ЫРДАШАТ?

Жеке ырчылар
Бактыгүл Бадыеванын бир ырынын «ставкасы» 200 доллар. Бирок, “бир эле ыр ырдап бер” дегендерге барбайт. «Жок дегенде үч ыр болушу керек» дейт. Кээде бир күнгө беш-алты жерден чакыруу алып калганда, анын ээлерин таарынтып албоо үчүн үлгүрүүгө аракет кылат. Бирок, өтө эле бой көтөрө бербейт. Колунда жоктор тоюна чакырып калса, бекер деле ырдап бергенден баш тартпайт.
Айчүрөк Иманалиева ырларына «ставка» койбойт. Анткени, жалаң гана сүйлөшүүлөрдүн негизинде тойлорго барып ырдап берет. Көбүнчө үйлөнүү тоюна “Жар-жар” аттуу ыры менен көп чакыруу алат. Борбор калаабыз кичинекей болгондуктан, бир күндө 8-9 тойго жөн эле жетишет. Тойдун ээси бир ыр ырдап бер десе деле күйөрманынын көңүлүн кыйбаган ак көңүл ырчы тойлорго барып ырдап берген учурлары кездешет.
Эгерде Жаныш Момунов агасы Байыш менен барса, тамадалык кызматына кошо 500 доллар сурайт. Өзү жалгыз барса, бир тойдо 3 ырдан ашык ырдабайт жана үч ырына биригип 200 доллар сурайт. Көбүнчө эл “Анын мерседеси бар” деген ырын көп сурашат.
Гүлнара Тойгонбаевага чакыруу келгенде өзү кандай жер тойго чакырганын анализдеп, анан барат. Мисалы, кимиси канча сомду көтөрө алат дегендей. Бирок, Гүлнараны тааныш курбу-курдаш, тууган-уруктары көп чакырышат. Ал жерден үнүн аябай бекер эле ырдап, тойдун көркүн ачып коёт. Бир жолу Гүлнара эже кыстырмалар менен чогуу 500 доллар тапканын жашырбайт.
Съездбек Искеналиевди негизинен туугандары аркылуу тойго чакырышат. Ошондуктан, сүйлөшүп жатып акыры «ставка» 150 долларга түшүп калат. Бир жолу телефон менен тойго чакырышып, Съездбек жакшы эле шашылып барган. Бирок, же той ээлери унутуп калышканбы, же Съездбек түшүнбөй калганбы, айтор, тойдо Съездбек ырдабай калган.
Райхан Абдувалиева “бизнестин жолуна түшүп, кийим тигүүчү цех иштете баштагандан бери акчага анча деле муктаж эмесмин” дейт. Бирок, жандүйнөсү баарыбир чыгармачылык менен байланышкандыктан, чакырган жерден калбайт.Тойдун ээси көңүлүнөн бергенин алат. Эч качан “аз бердиң” дебейт.
Роза Шакирова азыркы учурда тойлорду жыйыштырып, эне болууга катуу даярданып жаткан кези. Бирок, буга чейин эл катары эле 3-4 ырына 150 доллардан 200 долларга чейин алчу. Ырчы өзүнүн койгон «ставкасынан» такыр түшпөйт.
Замир Арыкбаев бир жолу бир күндө 8 тойго чакыруу алып, бирок, жетише албай калган. Эки той ээлерин бир аз таарынтып алгандан кийин 6 тойдон ашык чакыруу албайт. Замир 3 ырына 5000 сом сурайт. Ал эми алысыраак жерге чакыруу алып калса кымбатыраак сурайт. Мисалы, Ошко 400 доллар, Баткенге 500 доллар.
Гүлнур Сатылганова бир жылдан бери тойлордо ырдабай калганын айтты. Ал эми мурда канча «ставка» менен ырдап жүргөнүн айтып кереги деле жок.
Юрий Бобков
тойго чакырууларды аябай көп алат. Бир тойдо өзүнүн өнөрүн тартуулап бергендиги үчүн 300 доллардан кем сурабайт. Бир жолу Юрийди тойго чакырган той ээси “акчасын эртең берем” деп калат. “Андай болбойт” деп эмгек акысын талап кылган Юрийге той ээси акчасына ичи ооруп жатып, рахмат да айтпаптыр. Той ээси бийликтин бир бутагында иштеп туруп ушундай мамиле кылганына ырчы азыркыга чейин таңкалып келет.
Продюсерлүү ырчылар
Эгерде Динара Эсенгулованын тарбиясындагы ырчыларды тоюңузга чакырам десеңиз Султан Садыралиевге 10 миң сом, Кайрат Примбердиевге 6 миң сом, Бегимай Эсенгуловага 7 миң сом даярдай бериңиз. Бирок, сүйлөшүүнү бир гана Динара Эсенгулова аркылуу жүргүзөсүз.
Ал эми Асыл Апасованын тарбиясындагы Мирбек Иманбеков, Бегимай Карабаева, Ирлан Таалайбековдорду тойлордо 3 ырдан кем эмес ырдатышпайт. Эки ырга Мирбекке 15 миң сом, Бегимайга 8 миң сом, Ирланга 8 миң сом талап кылынат. Бирок, кээде ырчылар той ээсине сюрприз да кылышат. Мисалы, Мирбек акчага 3 ыр аткарып берсе, 4-ырын белек катары сунат.
Мирбек Атабековго эки ырына 10 миң сом, Даниэл менен Алихандын 2 ырына 5 миң сомдон «ставка» койгон Канат Култаев тойго чакыргандар кандай сүйлөшпөсүн, бул «ставкадан» таптакыр түшпөйт. Ал “мындан жогору болушу мүмкүн, бирок, ылдый болбойт” деп башында эле эскерте кетет.
Кыскасы...
Суроо салганыбызда бир топ жылдыздарыбыз «ставкаларын» айткылары келишпесе, кээбирлери той-топурлардан бошобой жаткандыктан байланыша алган жокпуз. Бирок, биз ырчылардын «ставкасы» 150 доллардан кем болбогонуна ынандык.
Бизде чет өлкөлүк жылдыздарга канча төлөнөт?
Чет элдик ырчылар менен иштешкен белгилүү “Элла” продюсердик борборунун жетекчиси Элла Акулованын эмгеги менен Кыргызстандын тойлорунда келип ырдап кетип жаткан жылдыздардын “ставкаларына” көз чаптыралы.
Ал эми кээбир чет элдик жылдыздар канча гонорарга ырдап кетээрин изилдеп көрүп, «ставкаларын» орто эсеп менен 10 миң доллардан кем айтышпай тургандыгы жөнүндө маалымат алдык.

Юлдуз Усманова

15 миң евро

Шахзода

10 миң евро

Райхон

10 миң евро

“Ялла” тобу

20 миң доллар

Озода Нурсаидова

15 миң доллар

Рашид Халиков

10 миң доллар

Роза Рымбаева

10 миң доллар

Севинч

10 миң доллар

Согдиана

10 миң доллар

Озодбек Назарбеков

10 миң доллар

Анвар Санаев

7- 8 миң доллар

Руслан Шарипов

7-8 миң доллар

Дилназ Ахмедиева

6-7 миң доллар

“Город 312”

10миң доллардын тегерегинде,
бирок сүйлөшүү менен

“Оташ”тобу

7-8 миң доллар

“Сетора” тобу

6 миң доллар

“ Алло” тобу

7-8 миң доллар

“Шахризода” тобу

7-8 миң доллар

“Ёдгар”

7-8 миң доллар

“Дервиши”

6-7 миң доллар

“Болалар”

6 миң доллар

“Божалар”

6 миң доллар

“FM” тобу

5-6 миң доллар

“Гарем” тобу

5-6 миң доллар

Журабек

5 миң доллар

Даярдаган Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 306, 12-18 сентябрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан