«БАКМА ЭКЕНИМДИ 20 ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ»

«20 жашымда ачуу чындыкты угуу мага оор болду. Өзүмдү төрөгөн деген апам бакма, ал эми мени төрөгөн аял апамдын курбусу болуп чыкты. Болгондо да атамды апамдан тартып алган курбусу. Анда баары башынан болсун»,- деп сөз баштады Салима.

СЫРДУУ КӨЗДӨР
– Эне – ыйык жан. 20 жашка чейин эненин баркын билбептирмин. Азыр өткөн-кеткенди эстеген сайын кылган жоруктарыма уялам. Апам экөөбүз тил табыша албай көп уруша берчүбүз. Балким, экөөбүз тең айтканыбызды бербеген көк болгондуктан болсо керек. Чынында эле кыялым оор экендигин моюнума алам. Ашыкча эркелигим да өз таасирин тийгизчү.
Апа, бүгүн мен сиз тууралуу жазгым келди. Төрөп, жарыкка алып келген эмес, мээрим берип, азабымды тартып чоңойткон адам чыныгы апа болот экен. Эсимде, мектеп босогосун алгач аттаганымда чачыма эки бант тагып ээрчитип барганыңыз... Жашоомдогу бардык жакшылыктарымда, жетишкендиктеримде, кыйналганымда дайыма жөлөк болуп, канатыңызга калкалап келдиңиз. Бардыгы эсимде, апа. Алгачкы сүйүүмө жетпей көз жашымды төккөндө да бек кучактап сооротконуңуз жүрөк түпкүрүндө катылган.
Негедир көздөрүңүздө менден жашырган сыр бардай сезилчү. Кээде 20 жыл эч нерсени билбеген жаным билбей деле калсам болмок экен деп ойлойм. Балким, экөөбүзгө тең жеңил болмок беле?..

“КУРБУСУНУН КЫЗЫ”
– Эс кире баштаганда курбуларымдын аталарын көрүп, “менин апам эмнеге жалгыз?” деп өзүмө суроо берип калчу элем. Көрсө, ал кезде сүйгөн адамдан көңүл калуу жүрөккө так салып, эркекке болгон жылуу сезим- ди изсиз жоготорун билбептирмин. Анан да мындай тагдыр апама кезиккени өкүнүчтүү. Апамдын кийин турмушка чыкпаганынын сыры ушунда экен.
Апам учурунда “көздөй курбум күйөөмө көз сүзөт” деп ойлогон да эместир. Бирок апамдын туулган күнүндө бардык былыктар сыртка калкып чыгыптыр. Апам келген конокторду узатып келип, күйөөсү менен курбусунун өбүшүп отурганын көрөт. Териштире келсе, экөөнүн мамилеси мурдатан эле бар болуп чыгат. Ошентип, чатак ата-энемдин ажырашуусу, атам тиги аялды ээрчип кетиши менен бүтөт. Жакын деген адамдарына болгон ишеничи тебеленген апамдын кандай абалда калганы сизге түшүнүктүүдүр.
Бирок атам апамдын курбусу менен көп жашабай, кетип калат. Ошондо мен ошол аялдын боюнда калган болом. Бирок тагдырдын тамашасын көр, мени төрөгөнү менен, мени «бакпайм, Балдар үйүнө таштайм» деп чыгат. Ошондо апамдын боорукердиги менен кең пейилдигин караңыз, мени багып алам дептир. Ошентип, маселе чечилип, мен апамдын колунда калам...
Менин сүйүктүү апам ошол учурда алсыз наристеге кол сунуп, бүт өмүрүн мага арнаганына ыраазымын. Атам башкага үйлөнүп бала-чакалуу болсо, мени төрөгөн аял өз наристесин таштай качып, чет өлкөдөн бактысын издеп кетиптир.

“МЕН СЕНИН АПАҢ БОЛОМ”
– Бул сырдын ачыла турган кези келгенби, айтор, бир күнү үйдө апам экөөбүз отурсак, эшик тыкылдады. Эшикти ачканга тура калсам, апам “мен ачайынчы” деп калды. Бир маалда залга арык чырай, келбети келишкен эже кирип келди. Апам “кызым, бөлмөңө бара бер” дегенинен чыгып кеттим. Узакка созулган сөздөрү уруш менен коштолуп жатты. Бир нече сааттан кийин көз жашын төккөн апам бөлмөмө кирип келди. Колумдан кармай мени залга алып чыкты.
– Салима, мен сенин апаң болом...- деди тиги эже калтырай колун сунуп.
– Тамашалабаңыз! Ушундай да азил болот бекен?- дедим оозум ачылып. Тиги аял ыйлап, болгон окуяны айтып берди. Ишенер-ишенбесимди билбей, экөөнү алмак-салмак карап турдум.
– Мен баары бир ишенбейм! Апа, бир нерсе дечи!- дедим.
20 жылдан бери биринчи жолу апам «өзүң чеч» дегендей унчукпады. Эже тынымсыз кечирим сурап жатты, ал эми апам бир чекитти караган боюнча катты да калды. Бир маалда гана көзүн көтөрүп, бир кездеги курбусуна “кеч болсо да акылыңа келипсиң” деп муздак жооп кайтарды. Ишенбейин десем, ал экөөбүз бир тамчы суудай окшош экенбиз. Ошого окшошуп калганымды кара.
Чындыкты билген соң апама болгон сый-урматым, сүйүүм жүз эсе күч алды. Жаштыгын, эмгегинин баарын мен үчүн курмандыкка чалып, өз жашоосун бирөөнүн кызына арнаганына миң мертебе ыраазымын.
Турмушка чыгып, үлпөт той бергенибизде мени төрөгөн аял да келип кетти. Бирок ата-энем отуруучу столдо апам менен таякем отурду. Анын орду башка болду.
Мени төрөгөн аялды кечиргеним менен, менин жүрөгүмдө өзүмдүн гана ыйык апакем жашайт. Каныбыз канчалык башка болсо да, дилибиз ар дайым бир экенин сезип келем. Кийинки жашоосун бактылуу кылуу үчүн бардык күчүмдү жумшайм.

Салима

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
supeeri
2011-07-06 02:38:32
Жакшы тушунукту кыз экен азмтсын Салима,кечиримдуулугун боорикерлигин жакты мага!
0
Kanatbek2
2011-07-06 11:07:55
Азамат кыз экен. Төрөгөн эмес мээримин төгүп чоңойткон чыныгы эне болот
0
19zamir87
2011-07-06 13:31:38
Ого.. Кызыкттуу экен.Эмне дееримди да айталбай калдым!
0
periii
2011-07-06 14:54:11
Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы деп коюшат го, Бактылуу болунуз.
0
Perizatka
2011-07-08 03:21:56
Azamatsin,Salima! Azir ar bir ele adam mindai 4e4im 4igara albait! Ayabay akilduu kiz ekensin! Baarinarga bakit kaalaym!!!
0
mirbekm
2011-07-08 14:12:36
ayabay okynom

0
Janyla
2011-07-08 21:15:53
mirbekm ии сага не болду,не окуганына окунуватасынбы)))а так азамат Салима)))
0
Elya011090
2011-07-09 13:54:10
Азаматсын Салима!Бактылуу бол!
0
aura
2011-07-11 18:22:56
Эхх, жашоодо эмнелер гана болбойт. Салима, жашоонун экинчи этабында татаал эмес тагдыр, оор эмес турмуш каалайм!
0
Narynbek
2011-07-14 18:19:51
Азаматсын!Бала тапкандыкы эмес баккандыкы дейт го.Уй-булоно бакыт,баккан апанды карыганда жакшы кара!
0
aitkyl
2011-07-17 13:27:20
башка салганды коз корот
0
RIELTOR
2011-08-01 14:39:38
Салима азамат эн туура чечим чыгаргансын! Торогон апанды кечиргенин да туура! Окуя чынбы же корком чыгармабы айырмасы жок.Мындай окуялар турмушубузда кезигип эле журот эмеспи!
0
abaychik
2011-08-10 17:30:09
Кудай баарыбыздын апаларыбызга бактылуу карылык насип этсин!
0
jamek10
2011-08-31 23:22:49
менин ойум: бул кыз барибир торогон энесине рахмат айтышы керек анткени 9ай омурткасы оруп, тороп кыйналып ушул жарык дуйного алып келди жакшыбы жаманбы барибир энеси азыр карасанар канчалар боюнан алдырып проблемаларын чечип журушот азыр тушунбосода торогондо тушунот деген ойдомунменин ойум: бул кыз барибир торогон энесине рахмат айтышы керек анткени 9ай омурткасы оруп, тороп кыйналып ушул жарык дуйного алып келди жакшыбы жаманбы барибир энеси азыр карасанар канчалар боюнан алдырып проблемалары
0
gulku
2012-04-15 21:14:16
jamek10--ии анан.... 9ай которуп журуп тороду дейли.бала кочодо калып олгондочу!же жетимдер уйундо азап тартып оскондочу? мында не болмок эле!!!ошондода рахмат айтыш керекпи...
ошондой аялды кечиргени чоон эрдик!Баккан апасыга тугонгус ыраазычылык айтам менда.
0
Glad_89
2013-03-24 14:44:45
Жакшы жазылыптыр, ушуга окшош окуялар турмушта коп кездешет. Бактылуу бол салима.
+1
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан