Жакында Аргентинада адамдын гени менен клондоштурулган ургаачы музоо туулган эле. Эксперттердин сөзүнө караганда, музоо даамы жана курамы жагынан адамдын сүтүнө окшош сүт бере алат. Ага Розита ИСА деген ат беришти. Эгер Розита окумуштуулардын үмүтүн актаса, анда адамдын гени менен клондолгон музоолор көбөйөт. Келечекте даамы жана курамы эненин сүтүнө окшош сүттөн балдар үчүн азыктар даярдала баштайт.
АКШ СҮННӨТКӨ ОТУРГУЗУУГА ТЫЮУ САЛАБЫ?
АКШда 18 жашка чейинки балдарды сүннөткө отургузууга тыюу сала турган мыйзам долбоору даяр болду. Мыйзамды бузуучуларга акчалай айып салынат же түрмөгө камалышат. Сан-Францискодогу демилгечи топ: «Сүннөткө отургузууну көпчүлүк учурда медициналык билими жоктор ишке ашырып жатат. Алар оорутууну басуучу жана сезгенүүгө каршы эч кандай дары-дармек колдонушпайт. Ушундан улам инфекция кирип кетип көз жумган балдар катталууда»,- дешүүдө.
ДАРЫ ОРДУНА ЗААРАГА БЫШКАН ЖУМУРТКА
Кытайдын Чжэцзян провинциясында жумуртканы жаш балдардын заарасына бышырып жеш модага айланууда. Жумуртканы заарага бир күн кечке кайнатуу кажет. Мындай учурда сасык жыт абаны каптайт. Бирок кытайлыктардын өздөрүнүн айтуусуна караганда, заарага бышкан жумуртка дары ордуна жүрөт. Тагыраак айтканда, адамдагы зат жана энергия алмашууну калыпка келтирип, ден соолукту чыңдоого салым кошот дешет.
РОЗМАРИН КАН БАСЫМДЫ ЖӨНГӨ САЛАТ
Бул өсүмдүктүн жалбырагы кан айланууну жакшыртып, нерв системасын бекемдейт. Андыктан жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууда жана айыктырууда колдонулат. Аны кан айлануу бузулганда, артериалдык кан басым төмөндөгөндө чай ордуна колдонсо болот. Ал үчүн 2 чай кашык розмаринди 1 стакан кайнак сууга салып, 10 мүнөт демдейбиз. Дары чай эртең менен жана түштөн кийин 1 стакандан ичилүүсү шарт.
СӨӨК БЕКЕМ БОЛСУН ҮЧҮН...
5 жумуртканын кабыгын абдан кургаткандан кийин упадай кылып майдалап, үстүнө 2 лимондун ширесин кошобуз. Алынган шире канча өлчөмдө болсо, 2 күндөн соң үстүнө ошончо өлчөмдөгү арак куюлат. Дары суюктукту күнүгө 3 маал 1 аш кашыктан тамак менен кошо кабыл алуу зарыл. Жумуртканын кабыгындагы кальций – сөөктөрдү бекемдөөдөгү эң мыкты каражат.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg