Гу Чжун Пёго турмушка чыгууну кыялданып жүргөн кыздардын эсине: Бизде да андан кем калышпаган жигит бар. Ал – кадимки эле ырчы жана актёр Дархан.
Жарыкка келип ата-энесин кубанткан күн – 1988-жыл, 5-июнь.
Туулган жери – Талас шаары. Кара-Балтанын Сосновка айылында чоңойгон. Учурда Бишкек шаарында жашайт.
Салмагы – 70 килограмм.
Бою – 183 сантиметр.
Бут кийиминин өлчөмү – 43.
Спортко болгон мамилеси – Волейбол, баскетболду катыра ойнойт.
Фобиясы – Чагылган жана бороон.
Материалдык байлыгы – Үйү, машинасы бар. Обон жазып акча табат.
Сүйүктүүсү үчүн жардан секирүүдөн башкасынын баарын кылат.
Учурда Улуттук университеттин алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун акыркы курсунда окуйт. Келечектеги менеджер.
– Дархан, куш келипсиң. Акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...
– Рахмат! Чыгармачылыгымдагы чоң жаңылык – кино жаатында өзүмдү актёр катары сынай алганым болду окшойт. Ал эми учурда “Эне заты” деген ырыма клип тартуу менен алекмин. Бул клип Кыргызстанда биринчилерден болуп 3D форматында тартылып жатат. Буюрса, июль айынын аягында көрөрмандарга тартуулайм.
– Жакшы жаңылыктарың бар экен. Кино демекчи, актёрлук колуңдан келет бекен?
– Эми чыгармачыл адамдардын көбү эле жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө актёр болушса керек. Мен актёр болууну кичинекейимден кыялданып жүрчүмүн. Буюрса, бул кесипке баш бактым деп айта алам. Эми мындан кийин ырчылыкты да, актёрлукту да чогуу алып кетейин деп бел байлап турам.
– Кел эми, кыздар жөнүндө сүйлөшөлү. Азыр сен бойдоксуңбу же...
– Ооба, бойдокмун. Сүйлөшкөн кызым да жок. Кара көзүмдү таба элекмин.
– Таптакыр кыз колун кармап көргөн эмесмин дебесең керек. Дегеним, буга чейин канча кыз менен мамиле түзүп көргөнсүң?
– Албетте, кыздар менен сүйлөшкөм. Алгачкы жолу 5-классымда бир кызды жактыргам. Ал кыз биздин мектепке Бишкектен келген. Аны бир көрүп эле жактырып калгам. Ишенесиңерби, көпкө чейин аны менен таанышмак тургай жанына бара албай койгом. Бир күнү болгон эркимди жыйып барып таанышкам. Экөөбүз сабактан кийин дайыма чогуу сейилдечүбүз. Чынын айтсам, бул балалык сүйүүм экен.
– Ал эми чындап сүйүүнүн даамын кандайча таттың?
– 10-классты бүтүп жатканда алгачкы сүйүүмө жолуккам. Ал кыздын аты Махабат болчу. Экөөбүз эки жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Бирок сүйүүбүзгө ал кыздын башка жигитке турмушка чыгып кетүүсү менен чекит коюлду.
– Алгачкы сүйүүң үчүн күрөшкөн жоксуңбу?
– Балдар менен отурсам, алар “кызың башкага турмушка чыгып кетиптир” деп жатышпайбы. Ошол жерден абдан жаман болуп турсам да, балдардын алдында өзүмдү кармадым. Ал кыздын тагдырына мен эмес, ошол жигит жазылса керек. Алып кетем десем деле болмок. Бирок бир үй-бүлөнү бузуу мен үчүн жат көрүнүш. Ошол окуядан кийин баш-отум менен музыкага кирип кеттим. Негизи, менин мүнөзүм оор. Көп адамдар менен сүйлөшүп кете албайм.
– Кыялыңдагы кызды сүрөттөп бербейсиңби?
– Бою узун, кашы-көзү кара, арык чырай, ак жүздүү болсо дейм. Сөзсүз кыргыз тилин мыкты билиши керек. Кыргызча билбеген кыздарга жиним келет.
Кыскасы, Мишель Йео деген кытай актрисасы бар. Бул актрисага окшош кыз менин жүрөгүмдү багынта алат деп айта алам.
– Болочок келинчегиңди тандоодо ата-энеңдин сын-пикирин угасыңбы? Ата-энең тууралуу кыскача айта кетсең?
– Ата-энем пикир келишпестиктен улам эки ача жолго түшүшкөн. Учурда апам эки карындашым менен чет мамлекетте турат. Алар менен күндө телефон аркылуу байланышам. Атама болсо жолугуп, анын кеп-кеңешин угуп турам. Апам “улуту башка кызды тандасаң да каршы болбойм. Эң негизгиси, сага жакса болду” деп айтат. Ошондуктан кыз тандоодо өз жүрөгүмө ишенем.
– Бир үйдө жалгыз турсаң, өзүң мырза болсоң...
– Сурооңузду түшүндүм. Үй оокаттарынын баарын өзүм эле жасайм. Кир жууйм, тамак жасайм. Тамактардан манты менен палоону эле жакшы окшоштура албай койдум. Айылда жүргөндө камыр жууруп, нан бышырчумун. Нан сатып жегенгеби, камыр жуурганды азыр унутуп бара жатам.
– Кыргызда күйөө баланы кой сойдуруп сынайт эмеспи. Бул сындан өтө аласыңбы?
– Бир жолу Нарынга гастролго барганда “кичүүсү экенсиң, устукан тарт” деп табакты мага жылдырып жатышпайбы. Ошончо элдин арасында абдан уят болдум. Ошондон кийин бычак курчуткандан баштап эт тарткандан бери үйрөндүм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg