КОРКУНУЧТУУ ЖАНА КООЗ АЙСБЕРГДЕР

Айсберг бул – океанда же деңизде эркин сүзүп жүргөн чоң муздар. Алар түбөлүк муз каптаган Гренландия менен Антарктиданын жээгин чулгап турган мөңгүлөрдөн сынып түшүп пайда болот. Бир караганда коркунучтуу жана ошол эле кезде кооз көрүнгөн айсбергдер ичине кандай сыр катып турат?

МЕКЕНИ ТҮНДҮК ЖАНА ТҮШТҮК УЮЛ
Айсбергдердин түндүк мекени Гренландия болуп саналат. Бирок түндүк уюлга караганда түштүк уюл болгон Антарктидада айсбергдер саны жагынан да көп, көлөмү жагынан да чоң. Акыркы 26 жыл ичинде Антарктиданын мөңгүлөрүнөн эң ири 17 айсберг бөлүнгөн. Азыркы убакта Австралиянын түштүк жээгине жакын сүзүп жүргөн С19А аттуу айсберг эң чоң болуп эсептелет. Анын жалпы аянты 5659 чарчы чакырымды түзөт. Буга чейин эң чоң айсберг болуп, аянты 11 миң чарчы чакырымды түзгөн (Ямайканын аянтына барабар) В15 аттуу айсберг саналчу. Ал 2000-жылы март айында катуу жааган нөшөрдөн улам экиге бөлүнүп кетип, Росс аралынын ачык деңизге кеткен кууш жолун тосуп калган. Мунун айынан аталган аралда жашаган Адели пингвиндер колониясынын дээрлик 75 пайызы (же миллионго жакын пингвиндер) деңизге чыга албай, ачкадан өлүмгө дуушар болгон.
Айсбергдер түзүлүшү боюнча пирамида сыяктуу жана стол түспөл болуп бөлүнүшөт. Стол түспөл айсбергдердин суу бетиндеги бийиктиги болгону 28-30 метр гана болуп, үстү тегиз келет. Алардын арасынан өлчөмү чоңдору да бар. 1956-жылы Американын “Глесьер” муз жаргыч кемеси Тынч океандагы Скотт аралдарынын жанынан узуну 385 чакырым, туурасы 111 чакырым айсбергди жолуктурган. Ошол эле айсберг көп жылдар бою океанда сүзүп жүргөндүгү жөнүндө маалыматтар бар. Анткени ал айсберг 1959-жылы Советтер Союзуна таандык кит уулочу “Слава” аттуу кемеге да кездешкен.
Пирамида сыяктуу айсбергдердин чокусу учтуу келип, бийик да болушат. Мисалы, бийиктиги 450 метр болгон айсбергди 1904-жылы Советтер Союзунун “Зенит” кемеси Атлантика океанынын түштүк-батышында жайгашкан Фолкленд аралдарынын жанынан кездештирген. Көпчүлүк учурда алар жашыл сымак же көгүлтүр өңдө болот. Кээде кочкул көк айсбергдер да кездешип калат. Буларды шарттуу түрдө “кара” айсбергдер деп аташат.

«КАРА» АЙСБЕРГДЕР КОРКУНУЧТУУ
Айсбергдердин өңү өзгөрүлүп турат. Жаңы эле сынып түшкөн муздар агыш болсо, убакыт өткөн сайын өңү көгүлтүр болуп өзгөрөт. Эгерде айсбергдин өңү көк болсо, жашы 1000 жылдан ашык деп айтса болот. Ал эми «кара» айсбергдердин суу үстүндөгү бөлүгү анча көрүнбөйт, ошондуктан чоң коркунуч туудурат.
Айсбергдер океанда эркин сүзүп жүргөн кезинде чоң коркунучту туудурушат. Мисалы, өз убагынын эң чоң кемеси болгон “Титаник” (Британияга тийиштүү) 1912-жылы “кара” айсбергге урунуп, кырсыкка учураган.

СУУ КӨЙГӨЙҮН АЙСБЕРГДЕР ЧЕЧЕБИ?
Муздарды изилдөөчү илимди – гляциология деп аташат. Муз доорунда жер бетиндеги кургактыктын көпчүлүк бөлүгүн муз каптап турган. Кээ бир жерлериндеги муздун калыңдыгы 2 миң метрге жеткен.
Азыркы убакта жер бетинде таза суу маселеси курчууда. БУУнун билди­рүүсүнө таянсак, азыр жер бетиндеги калктын 250 миллиону таза сууга муктаж. Күн сайын жердин калкы көбөйүп, сууга талап өсүүдө. Чейрек кылымдан кийин 4 миллиард жердин жашоочусу суунун тартыштыгынан азап чегет.Ал эми планетадагы тузсуз суунун дээрлик 75 пайызы түндүк жана түштүк уюлдагы мөңгүлөрдө, айсбергдерде сакталган. «Кезеги келгенде суу көйгөйүн чечүүдө Антарктида, Гренландия, Аляскадагы айсбергдер жардам берет» дешет окумуштуулар. Cуу тартыштыгынан улам кээ бир айсбергдерди Түштүк Африка менен Австралиянын жээктерине алып келип, анан пайдалануу жаатындагы долбоорлор да пайда болгон.

ПЛАНЕТАНЫ СУУ КАПТАП...
Планетадагы климаттын алмашып, жылуу тартышынан улам 50 жылдан кийин айсбергдер талкаланып, эрип баштаарын окумуштуулар акыркы жылдары тынбай айтышууда. Антарктидада жайгашкан эң зор Росс мөңгүсү майдаланып бөлүктөргө ажырап, аздан эрий баштаганда океандагы суулар жылына 5-10 сантиметрге көтөрүлө баштайт. Алар суу агымы менен жылуу мейкиндиктерге жакындаган сайын дагы көбүрөөк эрип, океан суусу андан да көтөрүлөт. Жарым кылым ичинде Дүйнөлүк океандын деңгээли 20 метрге көтөрүлүшү мүмкүн. Кургактыктын океанга жакын жайгашкан 7 пайызын суу каптап калуу коркунучу бар. Андай болсо, биринчилерден болуп Голландия сыяктуу өлкөлөр суу астында калары анык. Азыр бул маселе убактылуу эле көйгөй болгону менен, келечекте глобалдык маселеге айлануусу толук мүмкүн.

Жыпара Досумбетова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
hangukkg
2011-07-04 16:14:12
jakwy nerse jazypsynar raxmat
0
19zamir87
2011-07-04 23:28:03
Окуп алып ойлондум,биз Кыргызстан жакшы эле деңиз деңгелинен кыйла эле бийик жашайт экенбиз(келечекте бизге повезло)Ал эми орустар качандыр бир жылы ядерный бомбасын түндүк муз океанында жардырып текшерүүчү экен.4 океан бар,Антарктида океан болдубу 5-чи болуп?
0
Letty
2011-07-05 02:05:38
Чын эле бир карасан кооз жана коркунучтуу! Сузгонду жакшы билсем да, терен суудан аябай корком((
0
Juliana
2011-07-05 07:52:14
sunun astyndagy bolugu korkunuchtuu eken
0
Prokuror
2011-07-06 09:41:01
коркунучтуу сурот экен!!! Мен суу алдынан аябай корком!
0
kaster
2011-07-06 12:54:18
титаникти эстеп кеттим...кооздугунан ииййй
0
ulanbii
2011-07-16 11:25:48
Кыргызым кереметуу жерде жашаганына суйун ,коздун карегиндей сакта.Оз жерибизди муундарыбызга сатпай откозуп береличи.Саясатчылар сатып оздору европага качып кетишти го.Бирок суу каптаса ошолор биринчи Тоо-Ашуунун чокусуна дача салат элден кийин кетейин деп.Азыр тоо ашууда даарат кана жок.Ошондо зангырыган чондордун шаары болот.Бирок бей-бечараны Кудаайым озу сактасынчы.элим жерим аман болсун!
0
wwwgulya86ru
2011-07-25 16:12:16
duynonun keremetterinin biri.
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан