Кечээ жакында өз күйөрмандарынын ичин ачыштырып, футболчу Роналдо, баскетболчу Шакил О’Нил жана башка чеберлер чоң спорт менен коштошушту. Ушундан улам белгилүү спорт жылдыздарынын карьерасына көз чаптырдык. Тактап айтсак, дүйнөлүк жана ата мекендик спорттун бештен өкүлүн алып, “Алар спорттон кантип кетишкен? Учурда эмне менен алектенишет?” деген суроолорго жооп издеп көрдүк.
МАЙК ТАЙСОН
Профессионалдар арасында бокс боюнча WBC, WBA, IBF версиялары боюнча Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону.
2005-жылы 11-июнда ирландиялык Кевин Макбрайд менен болгон таймашты 6-раунддан соң уланта албай, техникалык нокаут менен жеңилген. Беттештен кийин карьерасын жыйынтыктап жатып: “Макбрайд сыяктууларга жеңилип, сүйүктүү спортумду уятка калтыргым келбейт”,- деген.
Карыздарынан арылуу үчүн көргөзмө мушташтарга чыгып, жалданып иштөөгө өткөн.
45 жашта. Коомдук иш-чаралардын, түрдүү шоулордун активдүү катышуучусу жана актёр. Өзү тууралуу баш-аягы 40тан ашуун сериал жана тасмаларга тартылган. Үчүнчү никеси – Лакия Спейсер менен жашайт. 5 кыз, 3 уулдун атасы.
ТАЙСОНДУН УНУТУЛГУС ЖОРУКТАРЫНАН
Футбол боюнча Франциянын курамында Европа жана Дүйнө чемпиону, ФИФАнын версиясы боюнча Дүйнөнүн 3 жолку мыкты футболчусу (1998, 2000, 2003).
2006-жылкы Дүйнөлүк чемпиондуктун финалында италиялык Матераццини төшкө сүзүп жыгып, оюндан четтетилген. Ошондон соң Зизу профессионал футболчу катары көк майсаңга чыккан эмес.
Бутсасын мыкка илгенден көп өтпөй мадриддик “Реал” футбол клубунун президенти Флорентино Перестин жардамчысынын милдетин аркалай баштаган.
39 жашта. Быйыл 25-майдан баштап “Реалда” кызмат ордунан көтөрүлдү. Азыр Зизу команданын спорттук директору. Ошондой эле аны Катар мамлекетинин жакын досу дешет. «Бул мамлекеттин жүзү болуп барып, 2022-жылкы Дүйнөлүк биринчиликти аталган мамлекетте өткөрүү мүмкүнчүлүгүн түзгөндүгү үчүн арабдардан 15 миллион евро алды» деген кептер бар. Үй-бүлөлүү. 3 уулдун атасы.
Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерди 8 ирет багынткан.
2006-жылы 3-сентябрда АКШнын ачык чемпиондугунда немис Бенжамин Беккерден жеңилгенден кийин ракеткасы менен коштошкон.
Бизнес менен алектене баштаган.
41 жашта. Кайрымдуулук долбоорлор менен катар СПИДге каршы иш-чараларды уюштуруп келет. Үй-бүлөлүү. 1 уул, 1 кызды тарбиялайт.
Сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын 4 жолку жана Европанын 18 жолку чемпиону.
2005-жылы Москвадагы сууда сүзүү боюнча Орусия биринчилиги маалында чоң спорттон кеткенин жар салган.
Бассейнден алыс кетпей, Орусиянын Сууда сүзүү федерациясынын биринчи вице-президенти кызматын аркалай баштаган.
39 жашта. Биринчи вице-президенттик кызмат менен катар жаш муундарды спортко тартуу жана колдоо боюнча ар кандай долбоорлор менен иш алпарат. Андан тышкары саат чыгаруучу “Омега” компаниясынын расмий жүзү. Үй-бүлөлүү. 2 уулу бар.
Баскетбол боюнча НБАнын 4 жолку чемпиону жана “Жылдыздар беттешинин” 3 жолку “Эң пайдалуу оюнчусу” болуп табылган.
Июндун башында чоң спорттон кетип жаткандыгы тууралуу суук кабар айтты.
Маскарапоз аталган Шак карьерасын аяктагандан кийин да көпчүлүктүн маанайын көтөрүүнү улантарын билдирди. Бирок баскетбол талаасында эмес, теледе. Эс алуунун жыргалына батып баштаган Маскарапоз телеканалдардан сунуш күтүп жаткан кези.
39 жашта. Майаминин жээктеринде “местный”. Үй-бүлөлүү. Экинчи никеси – Шони Нельсон менен жашайт. 3 кыз, 2 уулдун атасы.
Футбол боюнча “Дордойдун” курамында АФКнын президентинин кубогунун эки жолку, КРнын 6 жолку чемпиону. Кыргыз футбол тарыхында эң көп гол (276) киргизген футболчу.
“Абдыш-Ата” менен уюшулган коштошуу оюнда гол киргизген. Аскар Салымбеков ыраазычылык билдирип, автоунаа белек кылган.
“Жакшыны жатка бербейт” дегендей, команда аны машыктыруучу кылып алып калган.
39 жашта. Теңир-Тоолук Марадона аталган каарманыбыз бүгүнкү күндө “Дордойдун” башкы машыктыруучусунун жардамчысы жана аталган клубдун экинчи командасында (“Дордой-2”) башкы машыктыруучу. Үй-бүлөлүү. 1 уул, 2 кыздын атасы.
Оор атлетика боюнча 2 жолку Азия чемпиону, Ислам оюндарынын жеңүүчүсү.
Акыркы ирет штанга менен “Бээжин-2008” Олимпиадасында кез келген.
Алгач КРнын Оор атлетика федерациясында машыктыруучулук менен алектене баштаган.
35 жашта. Бишкек шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин директору. Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.
Грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону.
2006-жылы “Алматыдагы Азия биринчилигинде допинг колдонду” деген жалаа жабылып, 2 жылга спорттон четтетилген. Уран ошол бойдон спортко кайткан эмес.
4 жыл жумушу жок жүргөн.
34 жашта. Ата жолун жолдоп, педагогикага ыктап кетти. 2010-жылдан тарта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде дене тарбия мугалими. Үй-бүлөлүү. 1 уул жана 1 кыздын атасы.
Кикбокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн жана Европанын чемпиондугун багындырган.
Москвада профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпиону болгон. Бул жеңишинен кийин рингге аяк баскан эмес.
Өзүнүн чакан бизнеси менен шугулдана баштаган.
32 жашта. Жакында эле Ысык-Көл облусунун губернаторунун экология жана спорт иштери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Үй-бүлөлүү. 2 уул жана 1 кыздын атасы.
Бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону.
Акыркы жолу профессионалдык рингге 1998-жылы 16-майда франциялык Жан-Батист Мендиге каршы чыгып, упай боюнча жеңилүүгө аргасыз болгон.
Карьерасын аяктаган соң 1 жыл салык полициясында иштеп калат. Андан кийин ишкердик менен алектенет. 2007-жылы Бишкек шаардык спорт комитетин жетектеп, ушул эле жылдын аягында ЖКга депутат болуп шайланганы маалым.
44 жашта. Азиянын Бокс конфедерациясынын жана КРнын Бокс федерациясынын вице-президенти. Жеке ишкер. Үй-бүлөлүү. 3 кыз, 2 небереси бар.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg