Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаты: «ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТ САЛЫШУУГА ЧӨНТӨГҮМ ЖУКА»

Депутаттын кабинетине киргенде, адатка айлангандай, президенттин эмес, Исхак Раззаковдун портрети көзгө урунду. Ал эми иш үстөлүнөн Куран китептин орун алганын да байкабай коюуга мүмкүн эмес. “Партияны “Ата Журт” деп атоо менин идеям болчу” деген Садыр Жапаров менен маегибиз кызыктуу болду.

  • Жапаров Садыр Нургожоевич – Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Журт” фракциясы.
  • 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында төрөлгөн.
  • Дене тарбия институтун аяктап, кийинчерээк юридикалык билим алган.
  • 2005-2007-жылдары ЖКнын депутаты, 2008-2009-жылдарда Паракорчулук менен күрөшүү боюнча агенттиктин комиссары.
  • Үй-бүлөлүү. 3 уул жана 1 кыздын атасы.

ДЕНЕ ТАРБИЯДАН ДАЙЫМА «5» АЛЧУ
Бүгүнкү күндө кыргыз парламентинин “кнопка баскыч” же “балык” атка конгон депутаттарынан айырмаланып, активдүүлөрдүн катарын толуктаган Садыр Жапаров Ысык-Көлдө, карапайым үй-бүлөдө туулган. Ата-энеси айылда дыйканчылык менен алек болуп, 11 баланы чоңойтот.
Бала чагын Кең-Суу айылында өткөргөн эл өкүлү 9-классында Бишкек шаарындагы №1-интернатка келип окуп калат. Спортко жакын өсүп, дайыма дене тарбиядан "5" алып жүргөнү үчүн Дене тарбия институтуна тапшырып, мугалимдик кесипке ээ болгон.

БИЙЛИК МЕНЕН КҮРӨШҮҮ ҮЧҮН ДЕПУТАТ БОЛГОН
Союз ыдырагандан кийин ички иштер органдарында иштеп, анан көпчүлүктүн толкуну менен Садыр Жапаров да бизнеске оойт. “Саясатка аралашам деп элестетчү да эмесмин, бирок 1997-1998-жылдарда бийлик ишкердикке өтө эле кийлигише баштады. Бизнесмендерди тоноп, көз көрүнөө бизнесин тартып алмай күчөдү. Ошентип, алар менен күрөшүү үчүн саясий чөйрөгө келип калдым”,- дейт.
Ал күйүүчү май, нефть жана газ тармактарында иш алып барган. Негизинен, Ысык-Көл жана Нарын облустарын камсыздап турушчу. Айтмакчы, мектеп курагында химия сабагы менен дос болбогон Садыр Жапаров ишкердикти ийгиликтүү улантуу үчүн унаасына химия китептерин салып алып окуп жүргөн. Көл кылаасында кичи заводдорду куруу үчүн ал китептерди барактап чыгууга туура келген. Химия менен тил табышпаганы эле болбосо, мектепте тарых, кыргыз адабияты жана математика сабактарын жакшы окуган.

«КАМЧЫ МЕНЕН АХМАТ ҮЧӨӨБҮЗДҮ ЧУУЛГАНДУУ ИШТЕР БИРИКТИРГЕН»
2005-жылы аймактык шайлоо болгону эсте чыгар. Ошол шайлоодо добуштарын тарттырып ийип чуу салган талапкерлер өзүнчө топко биригишет. Саясий чөйрөдө бул топ “Бригада” деген аталыш менен таанымал. Анын ичинде Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаров жана башкалар бар.
2006-жылы май айында 11 депутат биригип, партия түзүшөт. "Эмне деп атайбыз?" дешип, баары чогуу кыйлага чейин ойлонушат. Садыр Жапаровго “Ата Журт” деген идея кылт этип, Адилет министрлигине чалып билип көрүшөт. Мындай аталыштагы башка партия жок болуп чыгып, ошентип, “Ата Журт” жаралат.
“2007-жылы октябрда парламентти таркатып жибергенде эле ушул партия менен шайлоого катышсакпы дегенбиз. Ошол мезгилде “Бригаданын” күнү бүттү” дегендер болгон. Анын үстүнө шайлоодо жеңип чыгарыбызга да көзүбүз жеткен эмес. Ал эми былтыркы жылы болуп өткөн шайлоонун үгүт иштери башталганга чейин партияда үчөөбүз эле калганбыз. Анан катарыбызга кайрадан аттуу-баштуу саясатчыларды топтодук. Бизди “Бакиевдердин партиясы” дешти, бирок азыр бакиевчилер кайсы партияда жүрүшкөнүн эл жакшы билип бүттү”,- деп айтат Садыр Жапаров.

«БАКИЕВ ТАЗА КАДРСЫҢ ДЕП КОМИССАР КЫЛГАН»
2007-жылы парламент таркатылгандан кийин "жумушсуздардын партиясын" бүгүнкү депутат да толуктайт. Үч достун ичинен алгач Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалат. 8 айдан кийин Садыр Жапаровду Каркырада үй-бүлөсү менен кымыз ичип жүргөн жеринен экс-президент Курманбек Бакиев чакыртып калат. “Президентке келсем, мага Паракорчулук менен күрөшүү боюнча агенттиктин комиссарлыгын сунуштады. Ал “жети-сегиз талапкер бар экен, карасам, баары эле коррупцияга аралашкан. Анан сени көрүп, эч бир мамлекеттик кызматта иштебегениңди жана таза экениңди эске алдым” деп калды. Мен анын сунушуна макул болдум”,- дейт Садыр Жапаров.
Өзү айткандай, жылаңач баатырдай ишин баштаган агенттик 5 прокурор, 8 сот, 11 милиция кызматкери, 70ке жакын мамлекеттик кызматкерлердин паракорчулук иштеринен кабар таап, кийин алардын көбү жумуштан бошотулуп, кээ бири темир торго кесилген.

«АЙТАР СӨЗДҮН СААТЫ КЕЛДИ»
“Ата Журттун” түптөлүшүнө салымын кошкон депутат коалициялык көпчүлүккө кирген эмес. “Ушул убакытка чейин бир эле себебин айтып, калганын бир да басылмага сөз кылган эмес элем. Силерге бул жөнүндө сүйлөп берейин”,- деп агынан жарыла сүйлөдү.
Коалициянын алгачкы курамы жетиштүү добуш ала албай кулаганда “Ата Журт” менен “Ар-намыс” өз ара позицияда же оппозицияда болобу, аягына чейин чогуу болоруна сөз беришкен. Бирок экинчи жолу коалиция түзүлгөндө “Ар-намысты” кошкусу келбегендер чыгып, сөздүн өтөсүнө чыгуу үчүн Садыр Жапаров көпчүлүккө кирүүдөн баш тартат. Мындан башка үч себепти да атады. Биринчиден, Акаевдин да, Бакиевдин да тушунда болуп көрбөгөн 20 министрлик түзүлгөн. Бул ансыз да таңсыктыктан чыга албаган казына үчүн оор. “Экинчиден, эл отурган учакка тракторчуну алып барып, учурасың дегендей эле болду”,- дейт. Муну менен адистиги туура келбеген министрлерди айтып өттү. Үчүнчүдөн, “мыйзам бузбайбыз” деп ант беришип, биринчи күнү эле 20 министрликке 20 эркек министрди дайындашкан. “Анын арты менен гендердик баланс деген мыйзамды буздук”,- дейт Жапаров.

«ӨЗ ҮЙҮМДӨ КВАРТИРАНТМЫН»
– "Ата Журт" ичтен ыдырап баратат" деген чынбы?
– Ушак кеп. Бирок талаш-тартыштар бизде эле эмес, башка фракцияларда деле кездешет. Журналисттер эки депутаттын урушканынан сенсация жасап, имиштерди таркатып жиберишти. Алар эртеси эле бир туугандай болуп кетерин эске албай жатышат.
– Бул Ташиев менен Сулеймановдун окуясына байланыштуу айтылдыбы? Сиз бул окуяда катышкансызбы?
– Ал дагы ажырымга таасир бере албайт. Ооба, мен да кабинетте 10-15 адам менен чогуу болчумун. Сөз жүзүндө урушуу болгон. Мен жеке өзүм эч кандай Камчынын уруп ийгенин көргөн эмесмин.
– Сизди Ташиев “президенттикке талапкер катары көрсөтөм” дептир. Жакында өтүүчү шайлоого катышасызбы?
– Жок. Камчы айтканда эле баш тартканмын. Чын жүрөгүнөн ушундай сунушту киргизгенине ыраазычылыгымды билдирдим. Ал үчүн даярдануу зарыл дегендей, кептин ачыгы, чөнтөк калың болуш керек. Мен партия өткөрүүчү курултайда президенттикке Ташиевди көрсөтөлү деп айтам.
– Камчыбек Ташиев менен жакын доссузбу?
– Ооба. Акыркы 6 жылдан бери кызматта болобузбу же жокпу, достук мамилебизди улантып келебиз.
– Ушул аптада парламент эс алууга кетет. Планыңыз кандай?
– Бизге эс алуу жок. Анткени Сот, укук реформасы комитетинин төрагасы катары аягына чыгаруучу иштерибиз калды. Бир-эки айдын ичинде республикадагы бардык 450 сот кайрадан электен өтөт. Ушуга байланыштуу жайды жайлай иштөөгө туура келүүдө.
– Кайсы спорт түрү көбүрөөк кызыктырат?
– Футбол. Өткөн аптада депутаттар менен оюн өткөрүп, анда “Ата Журт” биринчиликти илип кетти. Кызыл карточка деле көрсөтүлбөдү, төрт фракцияны адилеттүү утуп алдык.
– Үй-бүлөңүз тууралуу учкай кеп...
– Жубайым – медик, азыр балдар менен үйдө. Улуу уулум Славян университетинде юридикалык факультетте окуйт. Ага чейин Кытайда үч жыл жүрүп, чет жердин жашоо-шарты менен таанышып кайтты. Андан кийинки экөө мектепте болсо, эң кенже кызыбыз бала бакчага барат.
Иштеген адамдар үчүн өз баласына убакыт бөлүү оор. Түнкү 11де үйгө барып, таңкы 7де жумушка кетип, балдарымды бир нече күн көрбөй калам. Дем алыш күндөрү эле чогуу болобуз. Чынын айтканда, өз үйүмдө өзүм “квартирантмын”.
– Кийимди кайдан аласыз?
– Чет өлкөлөргө барганда чанда кийим сатып алам. Негизинен, Бишкектеги эле дүкөндөрдөн жубайым экөөбүз тандап алабыз. Аз болсо да, акча Кыргызстанда калсын дейм.
– Жан сакчыңыз барбы?
– Жок. Бирок 2007-жылдан бери муктаждык пайда болгону үчүн дайыма жаныма тапанча алып жүрөм.
– Сизди тынчсыздандырып жүргөн көйгөй?
– Президенттик шайлоо тынч өтүп кетсе деп тилеп жүрөм. Анткени каалайбызбы-каалабайбызбы, түндүк-түштүк маселеси дагы көтөрүлөт. Эл “жок, алардын эмес, биздин уул” дегенди баштайт. Соңку 20 жылдан бери биринчи жолу бийликти өткөрүп берүү мыйзамдуу өтсө, мындан ары өлкө жакшы жолго түшөт деген чоң ишеничим бар.

Эльвира Караева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бейне - ЖКнын депутаты Садыр Жапаров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Biloliddin
2011-07-04 14:44:41
Ак ийилет бирок сынбайт Алга жапар аке
0
Juliana
2011-07-05 07:44:23
1-internatta men da okugam.
0
Arstanov
2011-07-05 09:28:19
Комиссар болуп турганда параны алган жагынан алдына ат салдырбады го.Бет деле жок экен
+1
simbo
2011-07-05 09:55:34
Бакиевдин учурунда Каркыраны сатканга чон салымы бар деп именно ушул Жапаров байкебизди айтышат го!!!
0
19zamir87
2011-07-05 18:54:57
Жакшы интервью бериптир,молодец!!!тынч болуңуз үй бүлөңүз менен.
0
Debi
2011-07-06 10:42:26
кептин ачыгы чонток жука дегенин карасанар, депутаттын оюнда президент болуш учун акчалуу болуш керек. бийликтегилердин журуш ыкмаларынан кабар берип жаткансыйт. Менимче, депутат учун тайкы тушунук. Президент болуш ьчьн акыл, билим, адамгерчилик бийиктик, анан да тажрыйба калын болуш керек.
+1
otin
2011-07-06 11:06:45
Тынч болсун элим.... калгандарга алга!!!
0
kutush
2011-07-07 10:25:47
Садыр мырза баардык нерсени акчага сатып алып , баардык ишти акча менен чечип жургондуктон президент болуш учун да акчан болуп чонток калын болуш керек деген ойдон арыла албай жатат го дейм. Урматтуу Садыр мырза бул жашоодо акчага байлыка сатылбай турган Намыс, Абийир, Мекен, Эл, Жер деген баалулуктар бар. Бирок сиге окшогон жан дуйносу жарды адамдар андай баалулуктардан кур калгансыздар го.
0
kyrgyzajym
2011-07-08 01:32:16
Soz bajlygy kem je az.Bilim dengeeli orto.Kanaattandyraarlyk emes.Bazarnyj tipa.
Ak4any oto jakshy korot eken.:(
+1
jigitt
2011-07-09 13:44:06
президентикти акчага алабы элди качан ойлойсунар
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан