Азыр шоу-бизнес чөйрөсүндөгү популярдуу жаш ырчылардын ырларын жаштарыбыз маанисин түшүнбөй, эргип-жыргап угуп жүргөндөрү бышык. Бул мезгил талабыбы же ыр жазганга жакшы акын табылбай жатабы, айтор, сөздүн кунун кетирип жеңил-желпи ырларды тандап, айрымдары өз калемине таандык чыгармаларды аткарышууда. Алардын аткарган ырларынын маани-мазмунуна үстүртөн токтолсок.
ИЛЬЯЗДЫН КАНЧА «ЖАНЫ» БАР?
Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салган ырчы Ильяз Абдыразаковдун хит болгон «Жаным ай» аттуу ырынын маанисине көңүл бурсак.
Байланам шок кыздардын,
Көздөн учкан сыйкыр нуру.
Мен балкыган жанга дары,
Алтын, жибек, мончок-шуру,
На, на, ней.
Ал жомоктогу перидей.
Бул ырды баштаганда эле автор белгисиз бир кыздын сапаттарын байланыштырбай, түшүнүксүз сүрөттөгөн. 5-саптагы сүйлөмдү «на, на, нейге» уйкаштырып, жогорудагы 4 сапка кыстап эле чаптап салган. 2-куплети 1-куплеттен анча деле айырмаланбайт. Ал эми ырдын кайырмасында:
“Ал бийкечтер оттой болот,
Кол тийгизбес чоктой болуп жанат, эй”
деп ырдайт. Бир кызды сүрөттөп, кайра көп кыздарды сөз кылып, анан ырга «Жаным ай» деп тема коюп койгону угарманды таң калтырбай койбосо керек.
“Махабат сапары өзүңө келип токтотту,
Жөнөкөй күндү жомоктогуга окшотту”
деген саптар бар үчүн эле автор «Жомок» деп атап койгондой.
“Тагдырым берген белегим сенсиң,
Сезимден келген желегим сенсиң”
деген ыр саптарды окуп, “сезимден кандай желек келет болду экен?” деп таң каласың. Же болбосо жогорудагы сапка уйкаш сөз таппай эле, күлкү келерлик саптарды чаптап койгонбу? Бирок ырдын жакшы жазылган акыркы куплетиндеги:
«Жан эркем, бакыт үйүн бир куралы,
Жаныңда гүлдөп турсун сүйүү багы.
Алсырап кетпесинчи сезим күчү,
Алоолоп күйүп турсун дагы, дагы»
деген саптары анча-мынча кемчиликтерин жаап койгон.
“Ачылган гүлдөйсүң, жаным, татына,
Чачылган кирпиктериңе тартыла”
деп жазылган. Кирпик эч убакта «чачылган» деп сүрөттөлбөйт. Бул – маанисиндеги чоң ката.
“Таң атса, жаңы сага күн батат,
Тартылган көздөрү мактанат”
деген саптарда күндү сүрөттөп жатабы же сулуунубу, айтор, түшүнүксүз.
“Жымыңдаган жылдызым белең, менин ай-ааламда?
Оюм чексиз, кучагыңдамын сенин, кыялдана”
деп башталат. Негизи эле 15 муундан турган ырды кездештирүү кыйын.
Колуңду кармасам, бактылуумун ар качан,
Багыңда каалаган гүлүң болом сага.
Аалам аралай, атың кайталай,
Жүрөк жылыткан сезим уялай.
Бул куплеттен автордун биринчи сап менен кийинки сапты улай албай, ою чар-жайыт болуп кеткендиги көрүнүп турат. Кыскасы, ырдын маанисин түшүнсөк, сүйүүсүн айтпай эле, бирөөнүн колун кармап ар качан бактылуу боло берген кыз жөнүндө экен. Кайыргүл кыялын жыйынтыктап, талдап, анан керектүү сөздөрдү тизип, ыр чыгарса болмок.
Ах-бах, чиркин,
Көздөрдүн чагылганын карачы,
Жүрөктөр кагылат.
Ах-бах, ширин, таттуу,
Бул тилектердин арасы,
Таранып, тагынат.
«Бул тилектердин арасы, таранып, тагынат» деген сабы эч кандай түшүнүктү бербейт. Бул сап жогорудагы «жүрөктөр кагылат» деген сөзгө эле уйкашып турат. Мындай мааниси жок уйкаш саптар жөн гана көркүнө чыгаруу максатында колдонулган.
Асман, асман, жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңдан жылбайсың.
Асман, асман, кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...
Толик сынчы
star@super.kg