Баклава-гейт уланат: ГЮНЕШ ЙЫЛМАЗ КАЗАКСТАНДАН КАРМАЛДЫ

Издөөдө жүргөн “Бета Сторес-3” соода маркетинин технологу, түрк жараны Гюнеш Йылмаз кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүп жаткан жеринен 6-июнда кармалган экен. Аны “Сыпатай батыр” чек ара заставасынын наряды кармап, ага 15-июнда мыйзамсыз чек араны кесип өтүү боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, сотко өткөрүүгө материалдар даярдалып жатат. Кылмышка шектелген Гюнеш Йылмаздын Казакстандын чек арачылары тарабынан кармалганы эмнегедир 27-июнда гана белгилүү болуп отурат. Эске салсак, Түркиянын жараны Гюнеш Йылмаз кыргыз жараны Чолпон Орузбаеваны сабап, милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 2 айга камакка алуу өкүмү чыгарылган. Бирок 22 күндөн кийин үй камагы астында Бишкек шаардык соту тарабынан бошотулган. Ал эми Жогорку Сот Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган эле. Бирок Гюнеш Йылмаздын дайыны белгисиз болуп, жазасын албай изин жашырып кеткен. Кыргызстандын Баш прокуратурасы Гюнеш Йылмазды Казакстандан экстрадиция кылуу үчүн керектүү материалдарды даярдап жатат.

5 ЖАШАР КЫЗДЫ ӨЛТҮРҮП, АНАН ЗОРДУКТАГАН
26-июнда түнкү саат экилерде Ош шаарынын Заводская көчөсүндөгү №2-үйдүн жанындагы бадалдардын арасынан 5 жаштагы А.А. аттуу кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөөдө өлтүрүлгөн кыз зордукталгандыгы аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык милиция кызматкерлери тарабынан 27-июнда кылмышка шектүү делинип Ош шаарынын 26 жаштагы М.А. аттуу тургуну кармалган. Суракта айыпталуучу кызды жер төлөгө алпарып зордуктамакчы болгонун, бирок ою ишке ашпай, кызды өлтүрүп, анан айбан да кылбаган ишти жасагандыгын айтып берген. Ал мурун да 130-берене (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча соттолгон экен. 2004-жылы 13 жылга кесилип, 6 жылдан соң боштондукка чыккан.

ПРОКУРОРДУ САБАП КЕТИШТИ
27-июнда эртең мененки саат тогузга жакын Бишкектеги №69-орто мектептин аймагынан азиат түспөлүндөгү белгисиз эки адам Баш прокуратуранын кызматкерине кол салган. Темир түтүк менен куралданган экөө прокурорду катуу сабап кетишкен. Прокуратура кызматкери аларга каршылык көрсөткөндөн кийин гана кол салуучулар ойлогон ойлорунун өтөсүнө чыкпай, окуя болгон жерден качып кетишкен. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Баш прокуратура «бул кылмыш резонанс жараткан чуулгандуу кылмыш иштерди иликтөөдөн болушу мүмкүн» деп болжолдоп жатат. Азыркы убакта кылмыш иши Бишкек ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, оперативдүү-иликтөө тобу уюшулду. Ишти Баш прокуратуранын жана ИИМдин жетекчилиги көзөмөлдөп жатат.

ЗОРДУКТООЧУЛАР КАРМАЛДЫ
Өткөн №451-саныбызда кыз зордуктоо боюнча айыпталып жаткан 2 эргулдун качып, аларга издөө салынганы тууралуу жазганбыз. Учурда Элдияр менен Азатбек кармалып, жасаган иштери дайын болду. Тергөө маалыматтарына таянсак, ошол каргашалуу 22-майда түнкү саат үчтөрдө Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндө келе жатып, жалгыз бараткан аялды көрүп калышкан. Экөөнүн аңгилиги ойгонуп, ал аялды күч колдонуп темир жол көпүрөсүнүн астына сүйрөп барып зордуктап коюшкан. Өтүп бара жаткан милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери көрүп калып, экөөнү Ленин РИИБине жеткирип беришкен. Бирок 17-июнда саат 16:40та Республикалык соттук-медэкспертиза бюросунун имаратынын жанынан алар качып кетишкен. Ошондо экөө кишенден бошонуп качып кетишкен эле. Эми аларга КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренесинин үстүнө (зордуктоо) качып кетүү боюнча да айып кошулууда. Эки өнөктөштүн бири – Азатбек Жумалинов Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Сокулук районуна караштуу Жал айылында жалданып чөп жыйнап жүргөн жеринен кармалды. Ал эми экинчисин – Элдияр Муслимовду 23-июнда Талас облусунун Көк-Токой айылындагы жарандык аялынын туугандарыныкында жашынып жүргөн жеринен колго түшүрүп келишкен. Зордукталган аял арыз таштап кеткен боюнча дайыны белгисиз.

УШУНУ МЕНЕН ЖОГОЛУП КЕТСЕ КАНА...
“Мак-2011” деген аталышта өткөрүлгөн акциянын алкагында бир жума ичинде Ысык-Көл облусу боюнча бир миң эки жүз гектардан ашуун аянтта жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. 28-июнда облустук ИИБдин билдирүүсүнө караганда, жок кылынган кара куурайдын салмагы 45 тоннага жеткен. Кара куурайды жок кылууга 340 кишиден турган 106 бригада тартылган. Миграция жана элди жумуш менен камсыз кылуу комитети жапайы өскөн кара куурайды жок кылууга тартылган жумушсуз жарандарга эки жүз он миң сом бөлүп берген.

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА 2 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ
26-июнда түнкү саат экилер чамасында Казакстандын «Каркыра» чек ара аймагында казак чек арачылары тарабынан Кыргызстандын бир нече «КамАЗ» автоунаалары кармалган. Алар кармалган учурда контрабандалык күйүүчү майларды казак номерлүү автоунаалардан жүктөп жатышкан. Кармалган автоунааларды Казакстандын Чунжин чек ара отрядына жеткирип бара жатканда бир автоунаанын тормозу иштебей калып, аскага урунуп өрттөнүп кеткен. Өрттөн улам автоунааны айдап бараткан кыргыз жараны жана аны коштоп бараткан Казакстандын чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болгон. Азыркы тапта эки өлкөнүн чек ара кызматынын офицерлеринен турган топ иликтеп жатышат.

ДӨҢГӨЛӨК ҮЧҮН ТАКСИСТТИН ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ
17-июнда милиция кызматкерлерине Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка айылынын 43 жаштагы М.Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эл ташып жан баккан 23 жаштагы Сейитбек Мукашев аттуу уулу 15-июнда кечки саат тогуздарда Ниссан-Микра үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. 21-июнда Чүй облусунун Ново-Покровка айылынын жанындагы Чоң Чүй каналынын жээгинен мындан бир нече күн мурун жоголгон таксисттин денеси табылган. Соттук-медэкспертизадан анын киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлеринин оперативдүү-иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү делингендердин аты-жөнү такталган. Оор кылмышка шектелип, мурун киши өлтүрүү, каракчылык боюнча соттолгон 24 жаштагы С.А. жана 21 жаштагы З. аттуу Кара-Балта шаарынын тургундары кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, 15-июнда алар Ново-Покровка айылында таксиге отурушуп, Аламүдүн районундагы бир айылга жеткирүүнү суранышкан. Жолдо баратып айдоочуга кол салып, өлүп калгыча сабап, каналга таштап жиберишкен. Андан соң автоунаанын автомагнитоласын жана дөңгөлөктөрүн чыгарып алып калып, автоунааны сууга түртүп жиберишкен.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
arlekino
2011-07-04 10:49:38
кылмышкерлерге бир кытайдагыдай олум жазасын берип и еще ошону тез арада аткаруу буйрулса кылымыштуулук азаят беле...???????....
0
pearle
2011-07-04 12:14:18
Зордуктаган кишилерди БЫЧЫП салуу керек ИТТЕР!!!
Же сосискадай майдалап кесип салуу керек, АКМАКТАР!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
Gulnazi
2011-07-04 12:28:43
Zaman ne bolup baratat toboo, "AIBANDAR"-zorduktagan aibandar,uwul sozgo tatyktuu alar.Zaman ne bolup baratat toboo, "AIBANDAR"-zorduktagan aibandar,uwul sozgo tatyktuu alar.
0
19zamir87
2011-07-04 20:50:49
Адам баласы номер один эмеспи жырткычтар боюнча!Кылаар ишин кылып алып анан өкүнүп калышат.Абакта олтуруп чыгышып деле жырткычтыгын кылышат.Ошон үчүн Ирандагыдай асууга өкүм чыгарып,калктын алдында асыш керек.Ошондо адам баласы көрүп көзү ачылат да кылмышты кылаардан алдын ойлонуп калат.
0
Asylai
2011-07-05 01:31:09
Кыргызстанда олум жазасы болуш керек! Созсуз! Бизди айбандардан куткаргыла сураныч!
0
mira85
2011-07-05 02:21:25
adam emes aibandar myndailardy asyp olturush kerek.
0
Sezy
2011-07-05 03:34:52
Зордуктаган айбандардын тиягын кесип анан элдин алдыны коюп дарга асып олтуруу керек!
0
baibolot71
2011-07-05 12:04:55
Булар адам эмес айбандар,айбан да кичине ойлонот кылып жаткан ишине.Аа Гюнеш Йылмаз бул турк пародасындакы айбанды бычып,же атып салыш керек.Кыргызды коргондо журогу тушо турган кылып,о шондо Кыргыздар кандай экенин билишет...Булар адам эмес айбандар,айбан да кичине ойлонот кылып жаткан ишине.Аа Гюнеш Йылмаз бул турк пародасындакы айбанды бычып,же атып салыш керек.Кыргызды коргондо журогу тушо турган кылып,о шондо Кыргыздар кандай экенин билишет...
0
Nuray
2011-07-05 13:29:05
baibolot71, emnege "by4yp"?! al emi kimdi sorduktagan jok...
...al tyrkty jayina kojup kyrgyzdyn aybandaryn karanyz4y?! 5 jashar kyzdy oltyryp!!! sorduktap!!!
...a tigi ekoo4y, joldo ketip baratkan ajaldy sorduktap!!! al biroonyn jary, biroonyn enesi da, emne bolup jatat al baykush asyr?!!

myndaylardy el aldyna alyp chygyp jasaloo kerek, aybandar alar!!!
0
nationalist
2011-07-07 18:45:19
ощол турк колума тушуп калганда олтуруп эле салат болчумун, эшекти. келгиле КЫРГЫЗДЫР нацист бололучу!!!!????
0
RIELTOR
2011-07-31 23:48:37
nationalist, кошулам 100%!!!!
0
mamamia
2011-07-10 16:17:19
айбандарды тируулой куйгузуш керек булар адам деген атка татыктуу эмес
0
nationalist
2011-08-12 19:46:32
Кыргызстанда бир гана КЫРГЫЗДАР ТАТЫКТУУ ЖАШАГАНГА УКУКТУУ!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан