ЭМЕНДЕРДИН ТҮБҮНӨ КҮБӨЛӨР ЖЕТЕБИ?

Бир кезде Бишкекти “Эң жашыл шаар” деген тизменин алдыңкы катарына кошкон эмен дарактары учурда эмнеге саргарып, жалбырагы куурап, түшүп жатат? Коомчулукта “мэрия жол жээгиндеги үлбүрөгөн гүлдөргө короткон миллиондогон акчаны ушул дарактарды дарылоого жумшаса болмок” деген сөздөр айтылууда. Чын эле, эмен дарактарына эмне дарт жабышты? Жооп издеп көрөлү...

ЭМЕН ДАРАГЫ

  • Дүйнөдө 600гө жакын түрү жана 2 миң жылдан ашык жашагандары бар.
  • Айлана-чөйрөнү тазартуу менен бирге дарылык касиетке ээ. Алсак, анын кабыгы ашказан, табарсык жана башка ооруларды дарылоого колдонулат.
  • Бышык курулуш материалы болуп саналат.
  • Алгач Бишкекте болжол менен жүз жыл мурда тигилген.

САРГАЙГАН ЭМЕН ДАРАКТАРЫ...
Жайдын келгенине бир айдын гана жүзү болду. Табияттын мыйзамына ылайык, бул мезгилде айлана жашылга бөлөнүп туруш керек эле. Бирок шаар көчөлөрүндөгү, сейил бактардагы айрым бак-дарактар азыртадан эле өңүнөн азып, күз күнүндөгүдөй сары түскө көчтү. Өзгөчө эмен дарагынын жалбырактары саргаймак түгүл агарып, азыртадан күбүлүүдө.

КЕПТИН БААРЫ КҮБӨ КУРТУНДА
Буга эмне себеп болгондугун билүү үчүн Бишкектеги муниципалдык “Жашылдандыруу курулушу” ишканасынын директору Закир Коомбаевге кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:
– Мындай дарттын пайда болгонуна 5-6 жылдын жүзү болуп калды. Мурда айрым участоктордо гана байкалса, быйыл шаардагы бардык эмен дарактарын каптады. Мунун себебин тактап чыгуу үчүн лабораторияларга жана Улуттук илимдер академиясынын токой чарбачылыгы боюнча институтуна кайрылдык. Жыйынтыгында алар бул көрүнүш эменге түшкөн күбө куртунун айынан болуп жаткандыгын айтышты. Аталган күбө курту көзгө көрүнбөйт экен. Аны микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө мүмкүн. Азыр бул оору кара жыгач бактарынан да байкала баштады. Адистердин айтымында, күбөнүн көбөйүшүнө быйыл май айынын ысыктыгы жана июндагы жаан-чачын жакшы шарт түзгөн. Ал эми элдин «дарактарды сугарбай кууратып жатышат» дегендери туура эмес.

БАКТАРДЫ ДАРЫЛОО ЭЛГЕ ЗЫЯНБЫ?
– Мурда ушундай ооруну дарылоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, биз үчүн кыйын болууда. Токой чарбасы боюнча институттун кызматкерлери менен биргеликте дарылоонун жолун издеп жатабыз. Атайын эмен дарагы өскөн аймактарды бөлүп алып, химиялык дарылардын кайсынысы жакшы жардам берет экен деп жерден жана асмандан дельтаплан менен чачып көрдүк. Дельтапландын жардамы азыраак болуп калат экен. Эми биздин ишканага караштуу 180 миң эмен дарагын бирден дарыламай болдук. Бул үчүн техникалык жабдыктар бар. Бирок ал деле колдун күчүн талап кылат. Июнь айында дарылоо иштерин баштайлы дегенбиз. Бирок биз колдоно турган химиялык дарылар элдерге зыян болгондуктан, дарылоону күз айларына жылдырдык (сейил бакта эл аз болот). Ошол эле учурда дарылоонун башка жолдорун издештирип жатабыз.

Эмендерди быйыл эле айыктырып салабыз дегенден алысмын. Азыр болору болду. Баарын курттар жеп кетти. Эми кийинки жылы кайра кайталанбашына аракет кылуудабыз. Кудай буюрса, 2-3 жылдын аралыгында баарын дарылап бүтүрөбүз.

БААРЫНА КАРАЖАТ ЖЕТЕТ
“Шаардын жол четиндеги тосмолорго, карагайларга орнотулган гүлдөргө кеткен каражатты жана эмгекти андан көрө ушул эмен дарактарын сактап калууга жумшасак болбойт беле?” деген сурообузга Закир мырза төмөнкүдөй жообун узатты:
– Дарактарды дарылоо иштерине жетиштүү каражат маселеси чечилген. Иликтөө иштери толук бүтсө, так суммасын айтабыз. Азырынча 6-7 миллион сомдун тегереги деп белгилеп жатабыз. Дагы азайышы же көбөйүшү мүмкүн. Ал эми гүл отургузуу иштерин мэриянын суранычы менен аткаруудабыз. Мэрия “шаарды көрктөндүрүү боюнча сунушуңарды айткыла” дегенде биз жаңычылдык киргизели деп жол четине гүл өстүрүүнү сунуштаганбыз. Бул сунуш колдоого алынып, 10 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. “Баасы кымбат” деп айтышууда, бирок шаардын кооздугуна жана жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткандан кийин туура эле болуш керек деп эсептейм. Гүлдөрдүн уругун Чехиядан, аны отургуза турган термоидиштерди Кытайдан сатып келдик. Алар балкон тибиндеги жана карагайга орнотула турган термоидиштер. Балкон тибиндегилер 2085, алардын ар бирин 2100 сомдон, карагайга орнотулуучу 196сынын ар бирин 7200 сомдон алдык. Мындан арзанын таппай койдук. Өзүбүздөгү ишканаларга кайрылганыбызда баасын кымбат айткандан мурун баары “жасай албайбыз” дешти. Себеби желим идиш жасаган ишканалар жок болуп чыкты. Ал эми бул термоидиштер түзүлүшү жагынан алганда көчөдө гүл өстүрүүгө абдан ыңгайлуу экен. Түп жагына үч күнгө жете турган суу куюлат. Топурак салына турган жер менен суу куюла турган жеринин ортосунда торчо бар. Мындай түзүлүш жана желимден жасалышы топурактын нымдуулугун жакшы сактайт экен.
Мындан тышкары салыктарга жана соцфондго эле 2 миллион 536 миң сом төлөдүк. Калганы жумушчулардын айлык акысына жумшалды. Гүлдөрдү начар деп жатышат. Мындай сындар туура. Себеби быйыл гүлдөрдү термоидиштердин кеч келишинен улам кеч өстүрүп калдык. Буюрса, кийинки жылы гүлдөрдү алдын ала питомниктерде өстүрүп даярдап алууну пландаштырып жатабыз.

Бул ишканага жүктөлгөн милдеттемелерди толугу менен аткарууга аракет көрүп жаткандыгын билдирген ишкана жетекчиси коомчулуктан гүлдөрдү жана идиштерди сындырбоону суранып өттү.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
19zamir87
2011-07-05 14:03:20
"Тоок көтүнө келгенде какылыктайт"Менин тайнем айткан СССР убагында верталет м-н токойлорго даары себип турушчу экен.Мисалга алсак Арсланбоб токоюндагы "Алча"дарагына курт түшүп кургап жок болду.Вообще алча дарагын таппайсың токойдон.Бөлүнгөн акчаны өз кыз-на иштетип,арзан даарыдан сепсе албетте кургап жок болобуз.
0
kyrgyzajym
2011-07-08 13:57:51
Eng okunu4tuu:(Chyn ele Kyrgyzstanda bak-darak oto ele az.Elder da jaratylyshty korgoo,jashyldandyruu degen nerselerge kop konul bura berbejbiz.Evropa olkolorundo4u,japjashyl,men birinchi korgondo ushun4a suktangam.Alardyn murzooloru da ozun4o ele park.Ar bir ujdun ki4inekej bak4asy bar.Bul eng sonun nerse.
Kelgile kyrgyz elim,bak tigeli,gul ajdajly,jaratylyshty korgojlu!
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан