“Quest Pistols” тобу жөнүндө уккансызбы? Алардын өздөрүн тааныбасаңыз да, хитке айланган “Белая стрекоза любви”, “Я твой наркотик”, “Он рядом” жана башка ырларын сүйүп уксаңыз керек.
АНКЕТА
Топтун аталышы – “Quest Pistols”, кыргызча которгондо – “Изденүүдөгү тапанчалар”
Жанры – Поп, рок
Түзүлгөн жылы – 2007
Өлкөсү – Украина
Кайсы тилде ырдайт – Орус
Курамы – Константин Боровский 30 жашта, Никита Горюк 25 жашта, Антон Савлепов 22 жашта
Ырлары – “Ты так красива”, “Революция”, “Я твой наркотик”, “Он рядом”, “Белая стрекоза любви”, “Клетка”
Топтун эң кичүүсү – Антон Савлепов
Жигиттердин эң акылдуусу, окууну жалаң “4”, “5” деген баалар менен бүткөн. Сүйүктүү жазуучусу – Даниил Хармс. Бош убактысында сүрөт тартканды жана мотоцикл айдаганды жакшы көрөт. Аны “топтун эң сексуалдуусу” деген кептер ээрчийт. Кариб аралдарында концерт коюуну эңсейт.
Топтун эң улуусу – Константин Боровский
Ырчылыктан сырткары топтогу жигиттердин кийинүү стилин көзөмөлгө алат. Келечекте модельер болуп, көркөм бий боюнча сабак бергиси келет. Индия өлкөсүнө аябай кызыккандыктан, алардын философиясын өздөштүрүп жүрөт.
Топтун ортончусу – Никита Горюк
Муз үстүндө бийлөөгө кызыгат. Никита өзүн дайыма жалгыз сезип, көпчүлүк учурда маанайы пас жүргөндүктөн, фанаттары андан акыркы күндөрү “көбүрөөк күлчү?” деп суранып калышкан. Күн чыгыш өлкөсү – Японияга барууну кыялданат.
БАЛЕТТЕН ЫРЧЫЛЫККА...
Алгач “Quest” балет-бий тобунун солисттери Антон, Никита, Константин үчөө Украинадагы шоу-бизнес ырчыларынын ырларына бийлерди даярдашчу. Креативдүү жигиттерден түзүлгөн балет-бий тобу үч жылдык өмүрүндө бир топ ийгиликтерди багындырып, күйөрман топтоого жетишкен. Бирок жигиттер ыр өнөрүн да багындырууну каалашат. Ошентип, алар Игорь Кондратюктун 1-Апрель – Күлкү күнүнө карата жүрүп жаткан жаш таланттарды тандоо сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Аталган топ алгачкы жолу 2007-жылы 1-апрелде “Шанс” теледолбоорунда “Я устал” ыры менен көрүүчүлөрдүн 60 миң добушун алып, финалга чыккан. Ошентип, шоу дүйнөгө багыт алган жигиттерди ийгилик күтүп алат.
Топтун биринчи продюсери – украин ырчысы Наталья Могилевская.
“Quest Pistols” оригиналдуу ырлары, жүрүм-туруму менен башка топтордон айырмаланып турат. Топтун мүчөлөрүнүн кийинүү стили, гримдери кимдин гана болбосун көңүлүн бурдурат. Ырларынын тексттеринин көпчүлүгүн Изольда Четха жазат. 2009-жылы топ Орусиянын аймактарын кыдырып концерт коюп, күйөрмандарынын санын арбытат. 4 жыл ичинде атактуулукту багындырган топтун учурдагы продюсери – Юрий Бардаш.
ЖИНДИЛИК ЭМЕЙ ЭМНЕ?
Топтун тентек жигиттери концерттерге каалагандай кийинип чыга алышат. Мисалы, балеринанын кийимин, кыска юбка, чапташкан лосина кийип, жадакалса роликчен деле чыга беришет. Чач жасалгалары, ачык грим, куйкум сөздөрү да өзүнчө сөз кылганга арзыйт. Кыскасы, аталган топ элдин көңүл борборунда болуу үчүн бүт аракетин жасайт. Топтун мүчөлөрү орус шоу-бизнесиндеги Дима Билан, Сергей Зверевдер менен жакшы мамиледе.
2011-жылы февраль айында топтон Антон Савлепов кетип, бир жума өтпөй кайра келген. Продюсер Юрий Бардашов топтун мүчөлөрүн өз балдарындай коргойт. Мисалы, “Бир гана чындык” телеберүүсүнө катышкан топтогу жигиттерди алпаруучу Доманский тамашага салганы үчүн продюсер берүү бүтө электе “балдарын” алып чыгып кеткен.
Топтун Москвадагы концерттеринин биринде чектен ашкан күйөрмандары даарат кагаздарын сахна тарапка ыргытышса, аларга жооп катары ырчылар залды көздөй томат ширесин жана сахнадагы розаларды ыргытышкан. Концерттери дайыма жандуу өткөн топ үчүн мындай жоруктар кадимки көрүнүш. Алар койгон ар бир концерт өзүнчө бир шоу. Антон Савлепов интервьюларынын биринде “Топтун популярдуулугунун сыры эмнеде?” деген суроого: “Биз акылга сыйбаган жоруктар менен күйөрмандарды таң калтырсак керек. Бизди берилүү менен уккан адамдар да бизге кичине таң калычтуу көрүнөт. Андыктан мен биздин аудитория кең деп айта албайм”,- деп жооп берген.
Топтун үч солисти тең эмоцияларын бий аркылуу бере алышат.
Чыныгы жашоодо сахнадагыдан башкача образда жашашат. Мисалы, ырларында сексуалдуулукка көп басым жасашса, ал эми жашоодо нике түнүнөн кийинки секстин жактоочулары.
Маалымат талаасында “топтун сары чачтуу солисти – Никита Горюктун эки никесиз баласы бар” деп айтылып келет. Биринчиси 8 жаштагы кыз экенин ырчы моюнга албаганы менен, топтун курамындагы жигиттер күмөндүү жылмаюу менен билдирип коюшкан. Ал эми экинчиси уул экенин украиналык папараццичилер таап чыгышкан. Никита ымыркайын көтөрүп алып сейилдеп жүргөндө репортёрлор “бул сиздин балаңызбы?” деп суроо узатышкан. Ал: “Айырмасы жок. Менин баламбы, балам эмеспи, эң негизгиси – ал мага жылуу мээрим тартуулап жаткандыгында. Күнөөсүз таза наристени эркелетип, жыттоо бул – чоң бакыт”,- деп жооп берген. Мындан улам “топтун көрүнүктүү ырчысынын дагы канча никесиз баласы бар болду экен?” деген ой келет.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Лунара Бекиева
star@super.kg