Бир бүркүм... ЫРЧЫЛАР КЫРСЫККА УЧУРАДЫ...

  • КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева “Музыка” аттуу ырына клип тарттырууда.
  • Куудул Ильяз Агыбай уулу Орусиянын шаарларына гастролдоп чыгуу алдында турат. Ал жакта бир ай жүрөрүн кабарлады.
  • Ырчы Азат Болотбек менен Айпери Кубик кызы “Сен баарын айт” деген аталышта дуэт жаздырып жатышат.
  • Съездбек Искеналиев Ысык-Көлгө үй-бүлөсү жана теңтуштары менен бир жумага барып эс алып келүүгө камынууда.
  • Ырчы Алмаз Шаадаев окуусу боюнча практикадан өтүү үчүн Анталияга кетти. Буюрса, сентябрда мекенибизге кайтып келерин кабарлады.
  • Сапар Эркебаев эми репертуарын орусча ырлар менен толуктайт.
  • Фархат Кеңешбек уулу “Адамзатка кайрылуу” жана “Ыйлаба” деген ырларды жаздырууда.
  • Замир Арыкбаев “Бийле, бийле, сулуу кыз” аттуу ыр жаздырды. Аталган чыгарманы бул жерден уксаңыздар болот.
  • “Жебе” тобу борбор калаабызга тушоо кесүү концертин берүүнү пландоодо.
  • Акбар Сүйүнбаев “Сени тандадым” деген ырына клип тартуу алдында турат. Клипте жубайы Кундуз Казыбек кызы башкы ролду ойнойт.
  • Гүлзинат Суранчиева "Ты и я" (“Сен жана мен”) аттуу орусча ырына клип тарттырып бүттү. Ошондой эле “Сага” деген ыр жаздырып жаткан кези.
  • Орусияда гастролдоп жүрүшкөн ырчылар Дайыр Исмадияров, Ильяз Андаш жана Бегимай Бекбоева бир апта мурун таксиде бараткан жеринен жол кырсыгына учурашкан эле. Учурда мекенибизге кайтып келишкен ырчылар ден соолуктары калыпта экенин билдиришти.
  • Ирлан Таалайбеков ырларга аранжировка жасоо менен алек.
  • Замир Мырза "Өзүң деп", "Сүйүүгө таазим" аттуу ырларына клип тарттырды. "Өзүң деп" деген клипти бул жерден көрсөңүздөр болот.
  • Бийчи Бакыт Байсариев 30-июнда туулган күнүн үй-бүлөсүнүн кашында белгиледи.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан