Ушул куудул агабыз кыйын да. Куудулдук өнөрдү аркалап гана тим болбостон, ырдап, ырчылардын клиптерин дисктерге чыгарып, ал гана эмес, мончо иштетип жүргөн Борончу Кудайбергенов дагы бир иштин башын кылтыйтып жаткан экен. Ал каражат жагынан кыйналып турган ырчыларга боору ооруганбы, айтор, карызга клип тарта баштаптыр. “Менин бул кызматым акча жагынан кыйналган ырчыларга гана эмес, белгилүүлөрүнө да жакты окшойт, четинен келе башташты”,- деп кудуңдайт куудул. Кээ бир ырчылардын карызга ыр жаздырып, клип тарттырып алып качып жүргөндөрү тууралуу да кулагыбыз чалды эле, бул жагын куудул ойлоду бекен?