Ош шаарында өткөн Улуттар аралык мамилени чыңдоо жылына карата уюштурулган сынакта КРнын Эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбеков “Ордолуу Ош шаарым” аттуу ыры менен баш байгеге коюлган ВАЗ 2107 машинасына ээ болду.
Ал эми “Ата Журт” деген атуулдук ыры менен 1-орунду ээлеген 12 жаштагы ырчы Калыс Жакыпов 150 000 сомду артынып келди. Учурда байгеге туйтунган эки ырчы сыйлыктарын жакындарына майлап жүргөн кездери.