Ырчы Каныкей 13-18-июнь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында болуп өткөн, 22 өлкөнүн таланттары катышкан «Түрквизион» фестивалына катышып келди. Фестиваль учурунда Каныкей “Евровидение-2011” сынагынын жеңүүчүлөрү болгон азербайжандык Эльдар Касимов жана Нигяр Жамал менен таанышууга жетишиптир. “Алар менен таанышуу мен үчүн сыймык болду. Биз чыгармачылык тууралуу кызуу баарлаштык”,- деп билдирди ырчы. Ошондой эле Түркиядагы мекендештерибизге да концертин тартуулап келиптир. Каныкейдин Түркияга болгон сапарын www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан көрө аласыздар.