Чыңгыз Айтматовдун жээн-небереси, Ширин Айтматованын кызы Кира-Керемет бизде конокто. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде быдылдап сүйлөгөн кичинекей сулууга таякеси Элдар менен сейилдеп жүргөн жеринен жолуктук.
Толук аты-жөнү – Айтматова Кира-Керемет
Туулган жери – Люксембург
Туулган жылы – 2008-жыл, 26-декабрь
Учурда жеке менчик балдар бакчасында тарбияланат
– Сулуу кыз, атың ким?
– Кийа.
– Кимдин кызысың?
– Маманын.
– Досторуң көппү?
– Ооба, садикте көп.
– Кимди жакшы көрөсүң?
– Маманы, апуляны (таенеси Мария), Ноупаны, Мисканы (күчүктөрүнүн аттары). Алар сонун, жүй, байабыз.
Элдар: – Өзгөчө таенесин жакшы көрөт. Анан да атамдын сүрөтүн көрсөтүп, “менин атам” деп көп айтат.
– Кира, дагы кимди жакшы көрөсүң?
– Тайни докту, Эсяны. Алай менен ойнойм да. Жүй, Эся менен Тайни док мени күтүп жатат. Бол, кеттик.
– Тайни док менен Эся деген ким?
– М-м... Айтпа-айм.
Элдар: – Менин уулумду Эся дейт. Тайни док дегени, күчүгү бар, ошону айтып жатат.
– Керемет, Эсяга кантип барабыз?
– Масина менен, мына, менин масинам. Кеттик бол (чуркап барып короодо токтоп турган бир машинага жабышып, таякесин колунан сүйрөй баштады).
– Апаң сени жакшы бийлейт деди го...
– Бийлеп бейейинби, азый. Мына (көйнөгүн делбиретип, тегеренип бийлеп кирди).
– Оо, сонун бийлейт турбайсыңбы. Аны сага ким үйрөттү?
– Мама.
– Ырдай да аласыңбы?
– Жок, ыйдабайм. Мага Гага жагат.
Элдар: – Ырчылардан Леди Гаганы жакшы көрөт. Ошонун ырын ынтаа менен угуп калат.
– Шоколад жакшы көрөсүңбү?
– Жок, мен айбуз, банан люблю. Анан моложное.
– Мультфильм көрөсүңбү?
– Панда, маликий Эйнстейн, слон сонун да.
– Үйдө тентектик кылсаң, апаң сени урушабы?
– Моминтет (бизди карап быйтыйган сөөмөйүн кезеп калды).
– Үйдөгүлөр эмне деп эркелетишет?
– Котёнок.
– Кира, айтсаң, мамаң кайсы тамакты жакшы жасайт?
– Касаны, мен көп жейм.
– Сага жомок айтып береби?
– У-уф (отургучка отура калып)... Ова, медведди айтат.
– Чоңойгондо ким болосуң?
– Балейина (балерина), анан тигий (тигр) болом.
– Апаңа жардам бересиңби?
– Ова, оюнчуктайымды жыйнайм.
– Дагы эмне кыла аласың?
– Фотоглафить умею.
Элдар: – Үйдө фотоаппаратты алып ар нерсени сүрөткө тарта бермей адаты бар.
Кичинекей маектешим жаныбыздан өтүп бараткан мышыкты көрө калып “ой, киса” деп артынан чуркап кеткен. Бир убакта мөлтүлдөп ыйлап келди. Көрсө, мышык качып кетиптир. Ошондон улам маанайы чөгө түшкөн Керемет “кисаны тапкыла!” деп калган суроолорубузга жооп бербей таарынып отуруп алды.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg