Бир бүркүм... КАДЫРЖАН БАТЫРОВ УКРАИНАДА...

  • Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин вице-президенти болуп шайлангандыгын 27-июнда президент Роза Отунбаева билдирди.
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаев Июнь окуялары боюнча издөөдө жүргөн өзбек лидери Кадыржан Батыров Украинанын Харьков шаарында экендигин маалымдады.
  • “Кыргызстандын сугат жерлеринин аянты өлкө аймагынын 4 пайызын гана түзөт. Союз убагындагы 1 миллион гектар сугат жер азайып отуруп, учурда 860 000 гектар гана калды”,- дейт Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун башкы директору Жамин Акималиев.
  • 2010-жылдын Июнь окуясында түштүк аймакта жабыркаган ишкерлердин ар бирине 50 миң сомдон, жалпысынан 44 миллион 400 миң сом көлөмүндө кайтарымсыз компенсация берилди.
  • Бишкекте быйылкы жылдын алгачкы 5 айында дарыгерлерге кенеден жабыркаган 639 адам кайрылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп.
  • 30-июнда туристтик сезонго карата Алматы-Ысык-Көл-Алматы авиакаттамы ачылды.
  • Быйыл КРнын Өкмөтү Баткен шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 98 миллион 130 миң сом акча бөлүп берген.
  • Жакынкы аралыкта Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү 101 аялдама жаңыланып, көрнөк-жарнак илгенге ылайыкталып жасалат. Бул үчүн шаар мэриясы аларды 5 жылдык мөөнөт менен инвесторлорго берет.
  • Ислам өнүктүрүү банкы Бишкек жана Ош шаарларындагы электр жабдыктарын жакшыртууга 23 миллион 80 миң доллар насыя бөлөт. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 25 жыл.
  • Евразия өнүктүрүү банкынын кеңеши 28-июндагы жыйынында Кыргызстанды мүчөлүккө киргизүү боюнча бир добуштан макулдугун беришти.
  • Орусиянын Федералдык Коопсуздук Кызматынын (ФСБ) академиясын 9 кыргызстандык алтын медаль менен аяктады.
  • Өлкөбүздүн жарандык авиациясына жаңы радардык системаны орнотуу үчүн АКШ 30 миллион доллардык жардам көрсөтөт.
  • Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосун сактоого, өнүктүрүүгө жана даңазалоого байланышкан мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койду.
  • 20-29-июнь күндөрү КРнын Жаштар иштери боюнча министрлиги “Келечек жаштары” коомдук кайрымдуулук фонду менен биргелешип, республика боюнча коомдук, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышкан 600 студенттин Ысык-Көлдө эс алуусун камсыздады.
Эльвира Караева, Кубаныч Сыдыков
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
baibolot71
2011-07-04 11:23:56
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаев,тил менен маалымат бербей канкор К.Баатыровду кол менен кармап алып келип, соттоп же атып таштабайсынарбы.
0
19zamir87
2011-07-04 20:01:14
Карышкыр Харьков шаарында деп сүйүнчүлөбөй, кармабайсыңарбы?Крнын түштүгүндөгү сууларды өзүбүз колдонбой эле Өзбекстанга өтүп жатат.Каналдарды куруп суунун багытын өзүбүздүн жерлерге иштетсек болмок.Ошол сууну да өзбектерге сатып жатышат.Өзгөндөгү чоң суу тосугу бизге карайт эле,негедир өзбектерге өтүп кетти!(эмне себе
0
Arman
2011-07-06 14:50:55
Ubiu kadyrjan batyrov sart.......
0
nurzat84
2011-07-06 19:28:57
Чындап эле Батыровту кармап келип жазасын беришсе болмок, булар кармап соттогучанды Баатыров китептерин таратып бутот... Чындап эле Баатыровту кармап келип жазасын беришсе болмок, булар кармап соттогучанды Батыров китептерин таратып бутот... Чындап эле Баатыровту кармап келип жазасын беришсе болмок, булар кармап соттогучанды Баатыров китептерин таратып бутот... Чындап эле Баатыровту кармап келип жазасын беришсе болмок, булар кармап соттогучанды Батыров китептерин таратып бутот... Чындап эле Баты
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан