«АТА ЖУРТтун» ӨНӨРҮ «АТА МЕКЕНге» ӨТӨБҮ?

Ызырынган, кан жалаткан, токмок жеген, ошондой эле “кокуй, өлтүрөт” деп айгай салган депутаттардын ЖКдагы жашоосунан бир сүртүм.

Унутуп эле калбасак, Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны опурула туруп, төрагага карай ызырынган депутат Анвар Артыков менен эсте калган. КСДПчы Курсан Асанов арага түшпөсө, бул Анвар акебиз “ата мекенчи” аксакалды аңтара коймок беле, ким билсин. Ушул эле “Ар-намыстын” 10 депутаты лидерин таштай, коалициялык көпчүлүккө ыктап кеткени да көңүлдөн сыртта калбайт.
Андан ары “ата журтчулар” элдин оозунан түшпөдү. Камчыбек Ташиевдин түшүнө Сулайман менен Сулеймандын балдары киргидей эле болду. “Бабановчу” Алтынбек Сулайманов ачууга алдырып жибергенин байкабай калган чыгар, калпакташып жатып элдешишкен. Кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн болуп турган Камчыке партиялашы Бахадыр Сулеймановдун да тилин тааптыр.
Кезек эми “ата мекенчилерге” жетти. Өмүрбек Абдрахманов менен Карганбек Самаковду карап отурган адамга алар партия ичиндеги өздөн чыккан жатка айланып бара жаткандай туюлат. Айрыкча Карганбек мырза партия лидеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп иш тутуп жаткандай.
Минтип бири-бири менен жаакташып, мушташкан депутаттардын фонунда КСДП «койдон жоош» көрүнөт. Же алар териштирүүлөрүн тымызын өткөрүшөбү?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Айдай
2011-07-04 16:17:03
ото уят ишенген адамдар ушундай болсо кочодогулор туз эле олтурушот болушу керек
0
REKETIR
2011-07-04 21:15:30
Алар бирге акча иштешип бироосуно аз тийген болсо керек же эл учун
0
ksb
2011-07-04 21:32:10
Маа десе бири олуп,бири калбайбы,элге бир грамм пайдасы жок.Наоборот из карманов налогоплательщиков ,т.е.наших, им платят зар.плату около 20тыс.сомов в месяц. 95% сидящих в парламенте преследуют свои личные цели.Так что я им не верила,не верю,и не собираюсь верить НИКОГДА.
0
Asylai
2011-07-05 01:23:27
Баары эле жутунуп олуп алгыдай... булардан бизге кандай пайда?
0
gnomik
2011-07-05 09:06:43
Булар каникульдан келгенде Ак-Уйго ринг орноту маселесин караш керек, Ак-Уйдун килемдерин кан кылбай кичине рингге чыкса жакшы болот бири бирине да догуруна албайт
0
Nurullo
2011-07-05 16:10:24
aaay baykush kyrgyz elinin bashynda turgandar ushintip kyrylyp jatyshsa kyrgyz eli emne bolot. kantip deputat bolup jurushot, ushundan koro olup ele kalyshsachy.
0
Барс
2011-07-05 17:02:59
Ушуларды көргөн окуучуларга мугалимдер:"Мушташпагыла!"-деп кантип айтат эми, ыя? "Биз эмне депутаттыкка жарабайбызбы?.."- деп нааразы болушат да окуучулар, чынбы?!!
0
sonykg
2011-07-05 18:01:41
Balyk bashtan sasyit!!!Myndai bashtyn bardan jogu...
0
19zamir87
2011-07-05 20:03:39
Мындай уруш-талаш-мушташтар болуп келген и боло берет.
Биз болсо YouTube ттан кызыгуу менен көрө беребиз!!!
0
jaku
2011-07-05 21:59:15
оой биздикилер ошол да,бирирнин этин бири жешет,ошондуктан да өнүкпөй келе жатабыз да,бири оозуп чыкса наы басынта салыш керек,это же наша традиция
0
baibolot71
2011-07-05 22:43:55
Шерменде болуп депутат,Бирин бири жеп жатат.Мурду башы кан болуп,булар эмне талашат?Мындайды коргон жаш балдар,эми кайда барышат эээийй...
0
nationalist
2011-07-07 18:20:08
блин если бийлике мен келгемде азыркы чиновниктердин бирин калтырбай жок кылып, эл учун куйгон адамдарды, жаштарды, чыныгы патриот нацисттерди алып келмекмин.
0
kyrgyzajym
2011-07-08 22:04:31
Kyrylgyrlar,kantet!Oj korup alyp bir kulkun kelet,bir jinin kelet eken.Myndaj deputatskij-ringder dujnodo kop ele jerde bolgon.M:Ukrainada,Nigerijada j.b.
Bizde bolso but ele ...bek degen deputat-ministrlerdin betteshteri kop bolup turat.
0
Baichechekei2011
2011-07-09 03:47:30
Oto ele natzisttiktin keregi jok kyrgyzajym!
Gitler emne kyldy ele nazistigi menen? Osubusdun bashtan andai otposo dagy bashka mamleketterdin taryhynan baikaily!!! Emne jakshy,eme jamanyn!
0
jigitt
2011-07-09 12:32:14
талашып тартышып анан акыры кыргызым онолуп кетээр
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан