МИНИСТР, КРЕСЛОҢДУ БОШОТ!

ЖКнын депутаты Равшан Жээнбеков бизге берген маегинде да, башка учурларда да “ансыз деле майышып араң турган бюджет үчүн бизде министрликтер, мамлекеттик кызматкерлер өтө ашыкча. Тезинен кыскартышыбыз керек” деп кайра-кайра айтар эле. Коалициялык өкмөт куралган кезде “ура, ура” менен эле министрлер дайындалып, кудуңдай креслолорун кучактап отуруп калышкан. Эл өкүлүнүн айтканында олуттуу ой бар экенин эми түшүндү белем, өкмөт курамын кыскартууну көздөөдө. Келтирилген мыйзам долбоорду ЖКдагы 3 фракция колдоду. Эми экөөнөн да колдоо тапса, өкмөт курамы төмөнкүчө өзгөрөт:
1. Экономикалык тескөө министрлиги Мамлекеттик экономикалык өнүгүү жана инвестициялардын комитетине айланат.
2. Айыл чарба министрлиги менен Мамлекеттик суу чарбасы жана мелиорация агенттиги биригип, Айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы жана мелиорация министрлиги болот.
3. Жаштар иштери боюнча министрлиги менен Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги кошулат.
4. Маданият жана маалымат министрлиги Маданият жана туризм министрлиги иретинде жаңыланат.
5. Мамлекеттик мүлк министрлиги Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик мүлк фонду болуп түзүлөт.
6. Жаратылыш ресурстар министрлиги Өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги катарында кайрадан куралат.
Эгер өкмөттүн курамында ушундай реформа болсо, казына үчүн 15 миллион сом, анын ичинде айлык акылардын эсебинен эле 8 миллион сомго жакын каражат үнөмдөлөт. Андан сырткары 2 имарат жана 8 кызматтык унаа да бошотулат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
arlekino
2011-07-04 10:38:49
Чындан эле азайтыш керек саны бар сапаты жок министерстволорду...
0
nusyapak
2011-07-04 16:04:05
en tuura chechim... ushunday ashykcha akcha sarptalgan ministrlerdi kyskartuu menen , al akchalkardy eldin keregine jaratyshsyn...misalga alsak dyikandarga jardam iretinde, jana dagy bashka kop nerselerge jumshashsyn...
0
19zamir87
2011-07-04 19:26:13
Эң туура кылат.Саны бар,сапаты жок министрлерди азайтыш керек.
Анан дагы көбөйүп калса,дагы азайтып коебуз.Кыргызстанда баардык нерсени кылса болот.
0
UvE
2011-07-06 21:32:09
Кыргызстандын бийлигине баардык нерсе жарашат, б.а. универсальная власть! Кийинчерээк президентти деле жоюп салса болот, анын эмне кереги бар?! Чынбы?)))
0
kyrgyzajym
2011-07-08 15:03:39
Men 5 koldop koldojm bul 4e4imdi!
Ishke ashsa andan da sonun bolot!
1)Anan da 4ongdorgo kyzmattyk unaa beruunu takyr ele joiup saluu kerek.Misaly:Evropada 4ondor jon ele katardagy karapajym elderdej ele velosiped je joo ele kelishet jumushtaryna.
2)Alardyn ajlyk akylaryn azajtuu kerek.
0
Taalaibek
2011-07-09 19:49:58
Мен да кошулам министерствону жоюуга. Дегеле коп министерствону дагы жоюуш керек. Чынын айтканда министрдин элге эч кандай кереги жок экен. Тескерисинче эл ал министирлерди багып отот экен. А алар болсо биздин иштеп тапкан октатарыбызды жеп журо берет экен. Ошондуктан минстирлердин бизге эч кандай кереги жок.
0
muhammed95
2011-07-10 12:37:04
бобтур азайтсын.ал акча неге жумшалатбобтур азайтсын.ал акча неге жумшалат
0
muhammed95
2011-07-10 12:53:59
азайтсадагы азайтбасадагы ......чотоко кетет
0
№ 452, 1-7-июль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан