Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев социалдык чөйрөдө эмгек акылардын шарттарын карап чыгып, анда аткарылбай жаткан чечимдер боюнча өз пикирин айткан. “Көзөмөл бош жана түшүндүрүү иштери начар” деген негизде Маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевге, аталган министрликтин статс-катчысына, Билим берүү жана илим министринин орун басарына сөгүш жарыялаган.
Нурлан Шакиев бизге берген маегинде өкмөттүн мүчөсү болгонуна карабастан, бийликтин айрым кемчиликтерин баса айткан эле. “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” деген сөздү катуу кармаган министр мырзанын ачыктыгына жогорудагылар чычалап, сөгүш токуй салышты көрүнөт.